АЛЬПИНИСТТИК ЛАГЕРЬ: нускалардын айырмасы
imported>Temirkan No edit summary |
imported>Temirkan No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АЛЬПИНИСТТИК ЛАГЕРЬ–''' альпинисттерди машыктырып, спорттук | '''АЛЬПИНИСТТИК ЛАГЕРЬ–''' альпинисттерди машыктырып, спорттук чеберчилигин өркүндөтүү үчүн ылайыкталган спорттук база. Ар бир Альпинисттик лагерь спорттук машыгууларга ылайыкталган чатыр, ашкана, медпункт жанa керек буюм-тайымдар <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> камсыз кылынат. Туруктуу, көчмө, мезгилдик жанa жыл бою иштөөчү Альпинисттик лагерлер болот. Кыргызстандагы Альпинисттик лагерлердин ирилери төмөнкүлөр: 1) «Памир» 1973-жылы уюштурулган. Чоң Алай районунун Ачык-Таш капчыгайында, Ош шаарынан 320 ''км'' аралыкта, деңиз деңгээлинен 3700 ''м'' бийиктикте жайгашкан. 2) «Ала-Арча» 1951-жылы ачылган, Ала-Арча капчыгайында, деңиз деңгээлинен 2100 ''м'' бийиктикте, Бишкектен 42 ''км'' аралыкта жайгашкан, капчыгайда аска-зоолор, шагылдуу беттер арбын, алар мөңгүлүү, түрдүү татаалдык категориясына ээ. 3) «Ала-Too» 1972-жылы Каракол шаарында уюшулган. Мында спорттук-машыгуу жүргүзүлөт. Тескей Ала-Тоонун бийик чокуларына чыгуучу разрядчы-спортчуларды кабыл алат. | ||
10:27, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АЛЬПИНИСТТИК ЛАГЕРЬ– альпинисттерди машыктырып, спорттук чеберчилигин өркүндөтүү үчүн ылайыкталган спорттук база. Ар бир Альпинисттик лагерь спорттук машыгууларга ылайыкталган чатыр, ашкана, медпункт жанa керек буюм-тайымдар менен камсыз кылынат. Туруктуу, көчмө, мезгилдик жанa жыл бою иштөөчү Альпинисттик лагерлер болот. Кыргызстандагы Альпинисттик лагерлердин ирилери төмөнкүлөр: 1) «Памир» 1973-жылы уюштурулган. Чоң Алай районунун Ачык-Таш капчыгайында, Ош шаарынан 320 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 3700 м бийиктикте жайгашкан. 2) «Ала-Арча» 1951-жылы ачылган, Ала-Арча капчыгайында, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте, Бишкектен 42 км аралыкта жайгашкан, капчыгайда аска-зоолор, шагылдуу беттер арбын, алар мөңгүлүү, түрдүү татаалдык категориясына ээ. 3) «Ала-Too» 1972-жылы Каракол шаарында уюшулган. Мында спорттук-машыгуу жүргүзүлөт. Тескей Ала-Тоонун бийик чокуларына чыгуучу разрядчы-спортчуларды кабыл алат.