АЛЫМБЕК Жапалак уулу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM
No edit summary
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:19, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Жапалак уулу (19-к-да жашаган) – орус падышалыгына элчиликке барган өкүлдөрдүн бири. Ысык-Көл өрөөнүн жердеген бугу уруусунун желдең уругунан чыккан бий. Түн. кыргыздарынын бугу уруусунун төбөлдөрүнүн 1824–25-ж. Россияга жиберген үчүнчү элчилигине катышкан. Элчилик эмгеги үчүн орус өкмөтү тарабынан Александр тасмасына тагылуучу алтын медаль ж-а аты жазылган кылыч м-н сыйланган. Элчилерди (Акылбек Олжобай уулу, Алгазы Шералы уулу, А. Жапалак уулу) кайра элине жеткирип келген орустарды жакшылап тосуп, сый көрсөткөнү үчүн А-тин ата-сы Жапалак Кутту (Куттукожо) уулу да алтын медаль м-н сыйланган. Сыйлыктарды 1827-ж. А. Л. Бубенов тапшырган (к. Акымбек Олжо-бай уулу).