АЛИЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
| |
15:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ молекуласы көмүртек ж-а суутек атомдорунан турган туюк чынжырлуу (циклдүү) орг. бирикмелер. Алар молекуладагы көмүртек, суутек атомдорунун катышына ж-а көмүртек атомдорунун бири-бири м-н байланышуу мүнөзүнө жараша циклопара финдер, циклоолефиндер ж-а циклоалкиндер болуп бөлүнөт. Циклдердин туруктуулугу 3 мүчөлүү өкүлүнөн 6 мүчөлүү өкүлүн көздөй жого
рулайт. Хим. касиеттери циклдеги көмүртек атомунун санына көз каранды. Кичине циклдүү өкүлдөрүнд ө реагент таасир эткенде цикл үзүлүп, аларга кошуп алуу реакциялары мүнөздүү. Циклопентан катализатордун катышуусунда суутек молекуласын кошуп алып, пентанга айланат. Циклогександы ж-а анын гомологдорун катализатордун катышуусунда ысытканда суутек молекуласы бөлүнүп, ароматтуу углеводороддор пайда болот. А. б. табиятта түрдүү орг. заттардын курамында кездешет. Айрыкча циклогек сан ж-а анын туундулары көп таралган. А.б. жасалма була алууда аралык зат ж-а ракета учурууда күйүүчү зат (отун) катары колдонулат.