АЛИЕВ Чыныбек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
м (Temirkan moved page АЛИЕВ 9 to АЛИЕВ Чыныбек)
(Айырма жок)

11:12, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АЛИЕВ Чыныбек Тукешович (15. 1. 1961, Ысык-Көл облусу, Тоӊ району, Төрткүл айылы ‒ 5. 5. 2004, Бишкек) ‒ милициянын генерал-майору.

Файл:АЛИЕВ70.png

Бишкек финансы-экономика техникумун (1978), КМУнун юридика факультетин (1991) бүткөн. 1978‒91-жылдары Тоӊ райаткомунда текшерүүчү, экономист, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө инспектор, улук оперуполномочен, кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги, 1991‒95-жылдары ИИМдин региондор аралык башкармалыгында улук оперуполномочен, 2-бөлүмдүн начальниги, экономикалык кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгында 3-бөлүмдүн начальниги, 1995‒2004-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Кыргыз Республикасы8нын ИИМинин Даӊк мемориалына ысмы жазылган. «Эрдик» ж. б. медалдар менен сыйланган.