АЛЕКСАНДРИЯ КИТЕПКАНАСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
| |
15:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ байыркы китепкана; кол жазма китептердин ири жыйнагы (100 миӊден 700 миӊге чейинки том); б. з. ч. 3-к-да Александрия ш-да (Египет) негизделген. Аны Эратосфен, Зенодот, Аристарх Самосский, Каллимах сыяктуу ири окумуштуулар башкарышкан . Каллимахтын жетекчилиги м-н А. к-ндагы китептерге каталог түзүлүп, ал дайыма толукталып турган. А. к-нын бир бөлүгү б. з. ч. 47-ж. Александриядагы согуштун учурунда өрттөнүп кетет, бирок кийинчерээк Пергам китепка насынын эсебинен калыбына келтирилген. Б. з. 391-ж. император Феодосий Iнин тушунда китепкананын бир бөлүгү Серапис храмында сакталып турганда христиан фанатиктери тарабынан, андан калганы 7‒8-к-да жок кылынган.