АЛГЕБРАЛЫК ТЕҢДЕМЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒  алгебралык эки туюнтманы барабарлоодон алынган, fn=0 түрүндөгү теӊдеме, мында fn ‒ бир же бир нече өзгөрмөгө көз каранды болгон n-даражадагы көп мүчө

(n³0). Бир өзгөрмөгө көз каранды болгон А. т. төмөнкүчө жазылат: a0xn+a1 xn‒1+…+an=0, мында n ‒ бүтүн оӊ сан, a0, a1,… an ‒ берилген сандар ж-а теӊдеменин коэфф-тери деп аталат, ал эми x ‒ өзгөрмө чоӊдук, анын сан маанисин табуу керек. Берилген А. т-лерди канааттандырган, б. а. xтин ордуна койгондо берилген теӊдемелерди теӊдештикке айландырган xтин маанилерин теӊдемелердин, о. эле төмөнкү көп мүчөнүн да тамырлары дейбиз: fn(x)=a0xn +a1xn‒1+…+an . Көп мүчөнүн тамырларын анын коэфф-тери м-н байланыштырган Виет формулалары белгилүү, к. Виет теоремасы .
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.