АЛГЕБРАЛЫК КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
| |
15:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ алгебралык геометриядагы изилдөөлөрдүн эӊ башкы объектиси. А. к.-түн учурдагы аныктамасы чыныгы же комплекстүү сандар талаасында аныкталган алг. аффиндик ж-а проективдик көптүктөрдөн башталган. Азыркы учурда k-талаасында аныкталган А. к. т., ошол k-талаасында келтирилген чектүү типтеги схема түрүндө берилет. Нем. математиги А. Вейль А. к-кө дифференциалдык көп түспөлдүүлүктөрдүн идеясын пайдаланып, төмөнкүчө аныктама берген: k-талаасындагы абстракттуу А. к. k-талаасындагы аффиндик алг. көптүктөрдөн турган (Va) системасынан турат. Ар бир Vв да камтылган Waв ачык көптүгү (WaвМ Va) тиешелүү түрдө ачык WaвМ Va көптүгүнө изоморфтуу болгон (Waв) көптүктөргө бөлүнгөн.
Ад.: 1. Шафаревич И. Р. Основы алгебраической геометрии. М., 1972.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.