АЛАМҮДҮН суусу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 ‒ Аламүдүн р-нундагы суу, Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 78 км, алабынын аянты 317 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталын дагы Аламүдүн мөӊгүсүнөн башталып, жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу шар агат. Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, тайыздайт.
Файл:АЛАМүД үН25.png
Аламүдүн суусунун жогорку агымы.

Бишкек ш. аралай түндүккө карай агат. Ага 33 майда өзөн куят. Ири куймасы ‒ Чуӊкурчак (19км). Алабында жалпы аянты 0,8 км2ге жеткен 22 майда көл, 74,2 км2 келген 53 мөӊгү бар. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 6,36 м3/сек ; байкалган эӊ көп чыгымы 300 м3/сек, эӊ азы ‒ 0,74 м3/сек. Аламүдүн капчыгайынан Чүй өрөөнүнө чыга бериште (Көк-Жар кыш. тушта) суу бөлүштүргүч курулма курулган. Боюнан Көк-Жар, Таш-Мойнок, Беш-Күнгөй, Аламүдүн кыш. орун алган. Сугатка кеӊири пайдаланылат.