АКЦЕССОР МИНЕРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 (соӊку лат. accessorius ‒ кошумча) ‒ магма ж-а метамор физм тоотектеринин курамында аз өлчөмдө (1%тен да аз) кездешүүчү минерал, бирок айрым тоотектерге мүнөздүү да болот. Мис.: граниттерге ‒ апатит, магнетит, циркон, ортит ж. б., перидотиттерге ‒ хром-шпинелид, жез сульфиддери, никель, темир ж. б мүнөздүү. Эгер, айрым тоотектерде минералдар көп өлчөмдө кездешсе кенташка айланат. А. минералдары аркылуу магматизм процесстеринин өзгөчөлүгүн, тоотектердин бири-бирине тектештигин, пайда болуусун, талкалануу себептерин, тектердин жашын ж. б-ды аныктоого болот.