АКИТАШ ТЕГИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

06:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

негизинен кальцит (кээде ара­гонит) минералынан (Са С03) турган чөкмө тоо­тек. Курамында кальциттен башка доломит, чопо, кварц, лимонит, глауконит, орг. заттар ж. б. кездешет. А. бардык геол. мезгилдердин чөкмө тоотек катмарларынан жолуктурууга болот. Курулуш ишинде, цемент даярдоодо, ме­таллургияда (флюс катары), агрономияда (кыч­кылданып кеткен кыртышты нейтралдоодо) ж‑а эл чарбасынын башка тармактарында пай­даланылат. А. метаморфизм процессине дуу­шар болсо – мраморго, бышырылса – акиташ­ка айланат.