АКАЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
180-227>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(Acacia) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Дарак, бадал, чанда лианалар. Жалбырагы татаал, кош канат сымал, көп учурда учтуу же узун тикенектери өсөт. Гүлү сары, майда, анча чоң эмес башча топ гүлү татаал шыпыргы топ гүлчө чогулган. Мөмөсү көп уруктуу чанак. Анын 10ООден ашык түрү Африка, Азия, Америка ж‑а Австралиянын кургакчыл р‑ндорунда таралган. Көп түрлөрү баалуу жыгач. Сенегал А‑сы – медицинада колдонулуучу гумми‑арабиктин жогорку сортун алууда чийки зат. Россиянын Кара деңиз жээктеринде кара жыгачтуу А. жашылдандыруу үчүн өстүрүлөт. Айрымдары танниддерге бай келип, булгаары ийлөөдө, сапаттуу сөңгөгү эмерек, кагаз жасоодо колдонулат. Кырг‑нда 3 түрү (ак, сары, кумдак А.) өстүрүлөт.