АКАРТ МРАМОР КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
180-227>KadyrM
No edit summary
180-227>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

Ош обл‑нун Ноокат р‑нунда, Жацы‑Ноокат кыш‑нан 30 км түш­түктө, деңиз деңг. 2700–2880 м бийиктикте.

92‑ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Мрамор ортонку таш көмүр мезгилинде пайда болгон. Өңү ак, көгүш‑ак, ачык‑боз, боз, кесек кристаллдуу, массивдүү, декоративдүү. Физ.-мех. касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,70 г/см3, көзө­нөктүүлүгү 0,78%, суу сиңирүүсү 0,08%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 73,0 МПа, сууга каныккан абалда 67,1 МПа, жешилүүсү 1,62 г/см2, суукка чыдамдуулугу 25 цикл. Блок­тордун орточо чыгышы 50%, 1 м3 блоктон 18 м2 каптама такталар чыгат. Мрамордун запасы А категориясы б‑ча – 346 миң м3, В –763 миң м3, Cj– 2018 миң м3, А+В+Ц – 1327 миң м3.