АКАК ТАШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
180-227>KadyrM
No edit summary
180-227>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 а к а к – минерал, халцедондун бир түрү. Хим. формуласы Si02. Өңү кызыл сары, кызгылт сары. Негизинен эффузив тоотектери­нин көндөйчөлөрүндө ж‑а жаракаларында бо­лот. Янтарь ж‑а кээ бир тунук асыл таштар да (көбүнчө ак түстөгүлөрү) акак деп аталган. Зер­герлик иште колдонулуучу 3‑класстагы кымбат баалуу асыл таш. Кыргыз зергерлери А. Т‑ты шакек, билерик, сөйкө, чолпу, чач учуктарга, ат жабдыктарына да чөгөрүп, «тогуз төбөлөп» же куткундап көркөмдөшкөн, о. эле шуру, се­деп топчу да жасашкан. Таза болоттон жасал­ган, жыгач саптуу «темир ойгуч» м‑н жасалга­нын үстүн оюп, күмүштү кызыл жалын кылып эритип, данакер (бура) м‑н аралаштырып куюу ыкмасы колдонулат. Азыркы мезгилде кол өнөрчүлөрдүн «Кыял» бирикмесинде да өркүн­дөгөн технология м‑н А. Т‑ты пайдаланып, кыз­келиндердин асем буюмдарын элдин талабына шайкеш жасап жатышат.