АК-ӨЛӨҢ устаканасы: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kerimova-59
No edit summary
imported>Kerimova-59
(Айырма жок)

12:50, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АК-ӨЛӨҢ – байыркы таш дооруна таандык таш курал жасоо «устаканасы». Ысык‑Көлдүн батыш тарабындагы Ак‑Өлөң айылынын түштүгүндөгү тоо этегинде жайгашкан. Борб. Азиядагы эң маа­нилүү археол. эстеликтердин бири. Байыркы адамдар порфирит деп аталган оттук таш те­гинен сапаттуу куралдарды жасашкан. Таш куралдар ж‑а иштетилген белгиси бар таштар­ды (артефакттар) жер үстүнөн көп кездеш­тирүүгө болот. Алар плейстоцен (муз каптоо) учурунда суу үйөрүнүн таасири м‑н кең аянт­тарга жайылган. Алгач археол. изилдөөлөрдү археолог М. Юнусалиев, кийин 2001‑ж. акаде­мик А. П. Деревянко жетектеген россия‑кыр­гыз экспедициясы жүргүзгөн.
К. Табалдиев.