АК-СУУ (ЖАР-ТАШ) МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒  дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу суу булактары. Чүй обл-нун Жайыл р-нунда, Жар-Таш суусунун куйган жеринен 7 км жогору, Бишкек ш-нан 100 км түш.-батышта жайгашкан. 1960-ж. геол. изилдөө жүргүзүлүп, дарылык касиети аныкталган. Булактары ордовик мезгили нде пайда болгон кара түстүү сланец катмарларын аралап, тектон. жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Суу муздак (7‒14°С), тунук, чала кычкыл (рН 5,5‒5,9) келип, курамы гидрокарбо наттуу ж-а кальций-магнийлүү. Суунун негизги дарылык фактору ‒ натрий ж-а магний туздарын түзгөн гидрокарбонат иону. Анын суудагы өлчөмү 0,8‒1,5 г/л. Суу ашказан, боор, өт, ичеги-карын ооруларына даба болот. 1970-жылдан суусундук катары ичүүгө сатыкка чыгарылган. Запасы А+В+С1 ‒ 0,247 миӊ м3/суткасына.