АК-САЙ МӨҢГҮЛӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒  Кыргыз Ала-Тоосунун түн. тармагы‒Аюу-Төрдүн батыш капталында гы жанаша жаткан 2 мөӊгү (Чыгыш ж-а Батыш). Ала-Арча суусунун алабынан орун алган. Өрөөн тибиндеги мөӊгүлөргө кирет. Чыгыш А.-С. мөӊгүсүнүн уз. 6,2 км, аянты 4,1 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4870 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4120м. Батыш А.-С. мөӊгүсүнүн уз. 6,4 км, аянты 4,4км2. Деӊиз деӊг. эӊ бийик жаткан жери 4840м, этеги 3220 м. Кар чегинин бийикт. 4120м. Мөӊгүлөр акырындап чегинүүдө. Этек мореналары даана байкалат. Алардан Ак-Сай суусу башталып, Ала-Арчага оӊ тараптан куят.