АЙРЫ КУЙРУКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
180-227>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(Milvus) – жырткыч куш­тардын карчыгалар уруусу. Уз. 70 смге чейин. Куйругу кыска, учунун ортосу оюк (аты ушун­дан); 2 түрү бар, алар Евразия, Африка ж‑a Ав­стралияда кездешет; Кырг‑нда тоолордо ж‑а өрөөндөрдө таралган. Тарп ж‑a майда кеми­рүүчүлөр, куштар, кескелдириктер м‑н азыкта­нат. Жаратылышты тарптардан тазалоочу куш. А. к‑дын чоң топтору жазында ж‑a күзүндө учуп өтүшөт. Уясын токойлуу тоодогу бийик дарак­тарга же аскаларга салат. 2‑3 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат.