АЙНЕК БЛОКТОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – айнектен жасалган куру­луш материалы. Ал бири бирине ширетүү м‑н эки жарым айнек блоктон пресстелип даярда­лып, блок көңдөй болот. А. б. жарыкты жак­шы өткөрүүчү, жылуулук ж‑а үн өткөрбөөчү касиетке ээ. Ал өтө бышык, формасы б‑ча чар­чы, тик бурчтуу; жарык тех. сапаттары б‑ча жа­рык таратуучу, жарыкты багыттоочу, тунук ж‑а күн нурунан сактоочу; кооздугу б‑ча түстүү ж‑а түссүз; констр‑сы б‑ча бир же эки камералуу болуп бөлүнөт. Түстүү блок айнек массасын боёо же жарым блоктун экөөнүн ортосуна түстүү пластинкаларды коюу м‑н даяр­далат. А. б. турак үйлөрдө, коомдук ж‑а өнөр жай имараттарында жарык өткөрүүчү сырткы ж‑а ички тосмо констр‑лар катарында колдо нулат. Блоктор бири‑бири м‑н цементтелип би­риктирилет.