АЗЫК ТОРЧОСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – жаратылыштагы түр ара лык трофик (азык) мамилелери. Адатта ар бир түрдүн азыгынын курамын бир эмес, бир к анча түрлөр түзүп, ошол эле учурда өзү да башка бир канча түрлөргө азык болот. Биоценоздогу азык байланышы же А. т. организмдерди бири бири­не энергетикалык жактан көз каранды кылып, биоценоз системасынын туруктуулугун камсыз кылууда чоң мааниге ээ. А. т. канчалык жыш болсо, биоценоздун туруктуулугу ошончолук жогору. О. эле биоценоздогу А. т‑н түзгөн орга­низмдер сан ж‑а сапаттык жактан белгилүү бир катышта болуп, бири бирине көз каранды. Эгер де бир түрдүн саны азайып же көбөйүп кетсе, анда экинчи бир түрдүн да саны азаят же көбөйөт. Мис., жырткыч энтомофаг жаныбар­лардын санынын азайышы м‑н фитофаг курт­кумурскалардын саны көбөйө баштайт. Антке­ни, энтомофагдар фитофаг жаныбарлары м‑н азыктанып, ар дайым алардын санын жөнгө

салып турат. Ошондуктан биоценоздо түр кан чалык көп болсо, торчо да ошончолук жыш болуп, биоценоз ошончолук туруктуу болот. Эгерде биоценоздо бир түр азайып же жок бо луп баратса, анда ошол эле биоценоздо анын ордун башка түрлөр ээлеп, функциясын аткара берет.