АЖЫРЫК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 (Cynodon dactylon) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Манжа сымал А. сабак тамырлуу өсүмдүк, сабагынын бийикт.

40‑80 см, түп жагы жерге төшөлүп өсүп жалбырак‑бутактуу. Тамыр сабагы абдан узун, бутактуу, ка туу. Жалбырагы узун, ичке, катуу, бо­зомук. Топ гүлү – та­таал машакча (3‑8 машакчадан турат). Машакчасы 1‑2 гүл­дүү. Июнь- сентябр­да гүлдөп, урукта­нат. Данынын чоң­дугу 1,5 ммдей, түк-

Файл:АЖЫРЫК13.png

сүз, коңуркүрөң. Тропик, субтропикте, Түш. Африка, Австралияда 10 түрү, Кырг‑нда бир гана түрү – манжа сымал А. өсөт. Аны мал жакшы жейт. Ал пахта, жашылча, шалы, бак­ча өсүмдүктөрүнө өтө зыяндуу отоо чөп; стадион аянтчалары дың ж‑а жашыл болушу үчүн өстүрүлөт. У ругу көбүнчө анын жапайы өскөн жерлеринен жыйналып алынат. Көчүрүп отур­гузса, тамырсабагы аркылуу да жакшы көбөйөт.