АДАМАЛИЕВ Кубанычбек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Dilde
(Айырма жок)

08:46, 20 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АДАМАЛИЕВ Кубанычбек (1947, Нарын обл., Кочкор р-ну, Кочкор -29.02.2012. Бишкек) ‒ хирург, медицина илимд. доктору (1996), проф. (1996).И.К. Ахунбаев атн. КММИни бүтүргөн (1971); ошол эле жерде окутуучу болуп иштеген. 120дан ашык ил. эмгеги балдар хирургиясына арналган, 4 окуу китебинин, 2 ойлоп табуунун автору. 1971-ж.1966-жылдан жазуучу катары да белгилүү. Анын «Кандаш адамдар» (1971), «Врачтын түшүнүгү» (1977), «Кечмелик» (1980), «Эненин ак сүтү» (1989) повесттер жана аӊгемелер жыйнагы, «Жүрөк кагуусун уланта берет» романы (1985), «Быйылкы жаз менин айылымда» (1973), «Шаттык» ж. б. ырлар жыйнагы жана поэмалары жарык көргөн. Эмг.: Социальные проблемы и актуальные вопросы сепсиса у детей. Б., 1993; Инфузионная терапия сепсиса у детей. Б., 1993.