АДАБИЯТТЫН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

– көркөм адабият м-н таанышуу, бул биздин жашоого болгон жеке көзкарашыбызды калыптайт ж-а турмуштук тажрыйбабызды байытат. Турмуш чындыгын ачып берүү м-н сүрөткер бизге аны чагылдырып гана тим болбостон, ошол көрүнүшкө өзүнүн баасын берет. Адабий каармандардын жүрүш-турушун, ой-жүгүртүүсүн, ички толгонууларын көрсөтөт. Чыгарманын идеясы адамдын сулуулук, айкөлдүк, абийир, ар-намыс, ыйман сыяктуу түшүнүктөрү м-н байланышат. Мына ушунун баары окурмандарда эстетикалык идеал жаратат. Бул же тигил каарман өзүнүн жүрүш-турушу, аракети м-н бизди ээрчитет, багындырат, демек, өзүнө карай түздөйт да окуп жаткан кишини тарбиялайт, анын турмуштук түшүнүгүн, жашоо максатын белгилүү бир нукка салат. Биз окурмандар сүймөнчүлүк м-н кабыл алган каармандардан үлгү алабыз да, ал эми жийиркеничтүү образдарга иренжийбиз. Ошентип, «турмуштун окуу китеби» (Н. Г. Чернышевский)  болгон адабият бизди он идеалдар аркылуу өзүнө багынтат ж-а миллиондогон адамдар ар түрдүү адабий каармандардан үлгү алып, ошолорго окшоо үчүн өздөрүн тарбиялашкан.