АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v1e2_72-116>Kadyrm
No edit summary
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

05:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

, а г р о х и- м и я л ы к к а р т а ‒ а. ч-сына жарактуу жерлердин топурагын агрохим. изилдөө натыйжаларын чагылдыруучу схемалык карта. Ар бир аймак үчүн атайын түзүлгөн картограмма топурак картасын толуктап, чарбада агротех. ыкма

ларын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Ири, орто ж­а кичине масштабдуу болуп бөлүнөт. Ири масштабдуу картограмманын негизинде айрым талаа үчүн жер семирткичтин түрү ж­а өлчөмү аныкталып , топуракты акилештирүү же гипстештирүү планы түзүлөт. А. к­н топурактын агрохим. касиети 10 га же андан чоӊ аянттан алынган топурак сынамыгын анализдөө м­н аныкталат. Айдоо жер үчүн ирирээк, жайыт, дыӊ, айдалбаган бош жер үчүн кичине масштабда А. к. түзүлүшү мүмкүн. Кырг­нда А. к. мезгил-мезгили м-н жаӊыртылып турат ж-а агрохим. лаборатория аркылуу ишке ашырылат.