АГРЕГАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
м (Temirkan moved page АГРЕГ АТ to АГРЕГАТ)
(Айырма жок)

04:48, 16 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы

АГРЕГАТ (лат. aggregatus ‒ бириктирген) ‒ кандайдыр бир татаал машинанын бир нече тетиктери кошулуп, толук бир бүтүндү түзгөн бөлүгү же түйүнү. Бул түйүндөр айрым функцияларды өз алдынча аткарып, бири-бирин толук алмаштыра алат. Агрегаттын түрлөрү: 1) машинанын Агрегаты‒ технологиялык процессте машинанын белгилүү функция аткарган, өз ара алмашууга жарамдуу бир бөлүгү (мисалы, электр кыймылдаткыч, насос ж. б.); 2) бир курамда иштеген бир нече машинанын механикалык бирикмеси (мисалы, айдоо Агрегаты трактор, соко ж. б.); 3) минералдардын жана алардын өсүндүлөрүнүн жыйындысы (мис., кварцтын, слюданын Агрегаты).