АГГЛЮТИНАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v1e2_72-116>Kadyrm
No edit summary
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

05:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 (лат. agglutinatio ‒ жабыштыруу) б и о л о г и я д а – бактериялардын, кан эритроциттеринин бири бирине жабышып чөгүшү. А. ар кандай жугуштуу ооруга чалдыккан, иммундалган адамдын ж-а жаныбар дын канындагы антителолордун өзгөчө заты – агглютининдердин таасиринин натыйжасында жүрөт. А. реакциясы электролиттердин (натрий хлориди ж. б. туздар) катышуусунда гана өтөт. Ал кандын кайсы топко кирерин, жугуштуу ооруга чалдыктырган микробдордун түрүн ж-а тибин аныктоодо кеӊири колдонулат.