АГВАН ТИЛИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
new2022>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
09:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
– байыркы Кавказ албандарынын тили. Нах-Дагестан тилдеринин лезгин тобундагы өлүү тилдерине кирет. 10–12-кылымдарда Кур дарыя бассейинин сол жээгинде (азыркы Азербайжандын түндүгүндө, Грузиянын чыгышында ж-а Дагестандын түштүк тарабынын бир бөлүгүндө) кеңири тараган. Бара-бара түрк диалектилери, армян ж-а грузин тилдерине сиңип жоголуп кеткен. А. т. байыркы Кавказ Албаниясынын 26 уруусунун бири гаргарлардын тили деп эсептелет ж-а фонетикалык түзүлүшү (фаренгалдуу үндүүлөр басымдуу), диалектиси б-ча Азербайжан Республикасынын Габалин р-нуна караштуу Ниж айылында жашаган удиндердин тилине жакын. Агван тили азырынча толук өздөштүрүлгөн эмес.