Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kerimova-59 |
imported>Kerimova-59 |
| 1 сап: |
1 сап: |
|
| |
|
| | | .<br> |
| '''АБДЫРАХМАН''' Кучак уулу (болжолу 1739–20. 6.1789) – элчи; сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр орус император айымы Екатерина IIге жиберген элчилердин башчысы. Элчилер 1785-ж. сапарга аттанып, Омск - Петропавловск - Челябинск - Екатеринбург - Москва - Петербург маршруту б-ча жол кезишкен.1785-ж. 15-мартта Петербург ш-нда Екатерина II элчилерди салтанаттуу кабыл алган. А. Кучак уулу ж-а Шергазы Екатерина IIге Атаке бийдин атынан жазылган катты, үч илбирс, беш сүлөөсүн терисин ж-а бир кул тартуулашкан. Катта кыргыз бийинин орус император айымын урматтаары, кыргыз жери аркылуу орус кербендеринин ээн-эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болоору тууралуу айтылган. Екатерина II жооп катары Атаке баатырга 800 рубль күмүш акча белек берип жиберген, А-га 100 рубль берген. Элчилер кайрадан Москва - Казань - Уфа - Челябинск - Пешан - Петропавловск аркылуу кайтып, 1789-ж. 2-январда Омскиге жетишкен. Бул жерден ал Атаке баатырга «элчиликтен ийгиликтүү кайттым'''»''' деп кат жөнөткөн. Ал 1789-ж. 20-июнда Петропавловск ш-ндагы мечитте дүйнөдөн кайткан.<br>
| |
16:58, 3 Январь (Үчтүн айы) 2023 -деги абалы