«АМИРАНИАНИ» эпосу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
No edit summary
imported>Mariya
(Айырма жок)

02:07, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

«АМИРАНИАНИ» («Күн баласы») – байыркы грузин элинин баатырдык эпосу. Эпостун каарманы Амирани чагылгандуу булут кудайынын кызын уурдап кетип, адамдарды мифтик дөөлөрдүн туткунунан бошотуп, аларга от жакканды, темирден курал, буюм жасаганды үйрөткөн, кудайлар м-н жекеме-жеке күрөшкө чыккан. Ошондуктан Кудай аны катуу жазалап, Кавказ тоолорунун аскасына матап салат. Бул уламыш Грузияда, биздин заманга чейин 5-4-кылымдарда эле болгондугун байыркы грек жазуучуларынын чыгармалары далилдейт. Амираниани жөнүндөгү уламыш кийин Байыркы Грецияга тарап, Прометей тууралуу мифке кошулуп кеткен. Азыркы күндө эпостун 120га жакын варианты бар.