АЙША: нускалардын айырмасы
imported>Kadyrm м (→top: категория кошуу) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АЙША''' (614 | '''АЙША''' Абу Бакр кызы [(ар. бинт Абу Бакр), 614, [[Меке]] (азыркы [[Сауд Арабиясы]]) – 13. 07. 678, Медина ([[Омейяд]] [[халифат]]ы)] – [[Мухаммед]] [[пайгамбар]]дын кичи аялы. Биринчи [[халиф]] (632–634) [[Абу Бакр]]дын кызы. Ал алгачкылардан [[мусулман]]чылыкты кабыл алган, пайгамбардын окуучусу болуп, кийин аны жайылтканы үчүн [[ислам]] тарыхында жети окумуштуунун бири катары таанылган. Айша жамаатта көрүнүктүү орунду ээлеп, халифтик бийлик үчүн болгон саясий күрөшкө активдүү катышкан жана үчүнчү халиф (644–656) [[Осмон]]дун тушунда Айша ага каршы туруп, андан кийинки халиф (656–661) [[Али]]нин (Азирет Али) учурунда кайра аны «Осмонду өлтүргөндөрдү жашырып жүрөсүң» деп күнөөлөгөн. Ушул себеп менен Айша Алиге каршы 656‑жылы болгон «Төө салгылашуусу» деп аталган урушка катышып, өз тарабын жетектеген. Бирок салгышаууда Айша тарабындагылар жеңилип, мындан кийин Айшага карата шииттер (кара: [[шиизм]]) мусулмандары тарабынан терс көз караш жаралган. Мухаммед өлгөндөн кийин «му­сулмандардын энеси» (ар. мухаддис) деген атакка ээ болгон. | ||
Ад.: Али-заде ''А. А.'' Исламский энциклопедический словарь. М., 2007.<br>''Б. Солтонбеков.''<br> | |||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
08:12, 11 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АЙША Абу Бакр кызы [(ар. бинт Абу Бакр), 614, Меке (азыркы Сауд Арабиясы) – 13. 07. 678, Медина (Омейяд халифаты)] – Мухаммед пайгамбардын кичи аялы. Биринчи халиф (632–634) Абу Бакрдын кызы. Ал алгачкылардан мусулманчылыкты кабыл алган, пайгамбардын окуучусу болуп, кийин аны жайылтканы үчүн ислам тарыхында жети окумуштуунун бири катары таанылган. Айша жамаатта көрүнүктүү орунду ээлеп, халифтик бийлик үчүн болгон саясий күрөшкө активдүү катышкан жана үчүнчү халиф (644–656) Осмондун тушунда Айша ага каршы туруп, андан кийинки халиф (656–661) Алинин (Азирет Али) учурунда кайра аны «Осмонду өлтүргөндөрдү жашырып жүрөсүң» деп күнөөлөгөн. Ушул себеп менен Айша Алиге каршы 656‑жылы болгон «Төө салгылашуусу» деп аталган урушка катышып, өз тарабын жетектеген. Бирок салгышаууда Айша тарабындагылар жеңилип, мындан кийин Айшага карата шииттер (кара: шиизм) мусулмандары тарабынан терс көз караш жаралган. Мухаммед өлгөндөн кийин «мусулмандардын энеси» (ар. мухаддис) деген атакка ээ болгон.
Ад.: Али-заде А. А. Исламский энциклопедический словарь. М., 2007.
Б. Солтонбеков.