АБД ЭЛЬ-КЕРИМ: нускалардын айырмасы
imported>Gulira No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АБД ЭЛЬ-КЕРИМ,''' '''А б д а л ь-К р и м''' (12. | '''АБД ЭЛЬ-КЕРИМ,''' '''А б д а л ь-К р и м''' (12. 01. 1882, Марокко, Аджир – 07. 02. 1963, Египет, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф республикасынын (1921–1926) жетекчиси. 1915-жылы өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-жылы бошоткон. 1921–1926-жылдары рифтиктердин адегенде испан, 1925-жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 1921–1926-жылдары Риф республикасынын президенти (эмири). 1926-жылы француздардын колуна түшүп, Реюньон аймагына сүргүнгө айдалат. 1947-жылы май айында саясий иш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 1948–1956-жылдары Түндүк Африканы боштондукка чыгаруу комитетинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956), Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген. | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
09:15, 10 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АБД ЭЛЬ-КЕРИМ, А б д а л ь-К р и м (12. 01. 1882, Марокко, Аджир – 07. 02. 1963, Египет, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф республикасынын (1921–1926) жетекчиси. 1915-жылы өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-жылы бошоткон. 1921–1926-жылдары рифтиктердин адегенде испан, 1925-жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 1921–1926-жылдары Риф республикасынын президенти (эмири). 1926-жылы француздардын колуна түшүп, Реюньон аймагына сүргүнгө айдалат. 1947-жылы май айында саясий иш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты менен Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 1948–1956-жылдары Түндүк Африканы боштондукка чыгаруу комитетинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956), Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген.