КАҢГҮЙ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАҢГҮЙ</b> (кыт. 康居, Канцзюй), Кангха, Кангдиз – [[Орто Азия]]дагы байыркы мамлекеттик бирикме. «Канцзюй» топоним катары алгач [[Сыма Цян]]дын б. з. ч. 203–201-жылдары жазылган «[[Тарыхый жазмалар]]» («Ши цзи») деген эмгегинде эскерилет. Ал б. з. ч. 138-жылдары Орто Азияга келген [[Чжан Цян]]дын көрсөтмөлөрүнө таянган. Н. Я. [[Бичурин]]дин (Иакинф) тушунда [[орус тили]]нде жумшак «ж» («j»), ошондой эле түрк тилиндеги мурунчул «ң» тыбыштары болбогондуктан, ал аны «г» же «нг» тамгасы катары колдонуп, «кангуй» же «кангиюй» деп окуган. Кытай сөздүгү боюнча «kang» тыбышы байыркы заманда кандайдыр аймактын же хан сарайдын көлөмүн сүрөттөөдө «кең» («чоң», «эбегейсиз зор»), ошондой эле «бакыт», «жыргал», «кубаныч», «тынчтык» деген мааниде колдонулса, «цзюй» (байыркы окулушу «kiya», «kia») [[иероглиф]]и «жашаган жер», «ээлеген орун» («конуш») сыяктуу сөздү билдирген. Байыркы доордо («канг + цзюй») иероглифи толук «канг + киа» деп айтылып, уңгусу болгон «канг» эч өзгөрүлбөй, ал эми убакыт өткөн сайын «киа» («kia») мүчөсү «цзи» (ji), «цзю», «цзюй» (ju, jü) болуп алмашылганын белгилешет. Ошондуктан кийинки учурдагы айрым окумуштуулар (мис., А. Ходжаев) байыркы заманда «Канцзюй», «Кангкия» («Кеңкия») «Кеңири өлкө» деген мааниде колдонулушу мүмкүн деген ойду сунушташат. Ал өлкө [[Арал деңизи]], [[Аму-Дарыя]] жана [[Сыр-Дарыя]], [[Хорезм]], [[Ташкент]], [[Талас|Та­лас]] суусуна чейинки аймактарды ээлеген. Каңгүй мам­лекетине беш дубан (Сусе, Фуме, Юени, Ги, Юегянь) карап, 600 миңдей калкы, 120 миңдей аскери болгон. Каңгүй мамлекети б. з. ч. 2-кылымда усун уруулары жана [[Даван мамлекети]] менен элчилик, соода жана маданий байланыш түзгөн. Б. з. ч. 1- кылымдын орто ченинде [[Хань]] императору (б.з.ч. 141–87-жылдар) У-диге каршы алар [[гунндар]] менен союз түзүшкөн. Чжан Цянь байыркы Даванды (Даюань) «эли жыш жана байлыгы мол, көп сандуу жоокери бар чоң мамлекет болуп», анын башкаруучусу Канга (Канцзюй) падышасына көз каранды экенин белгилейт. Б. з. 1-кылымында кушандар менен ма­миле түзүп, Каңгүй падышасы кызын [[Кушан мамлекети|Ку­шан мамлекети]]нин башчысына берген. Б. з. 1–3-кылымдарында Хорезм жана Ташкент аймагын Кушан мамлекетине тарттырып жиберген. Байыркы жазма булактарда б. з. 287-жылы Каңгүй элчилери [[Кытай|Кы­тай]]дын Батыш Цзин, 379-жылы Эртецин, 437-жылы Вей падышалыктарына келгендиги баяндалат. 638-жылы батыш [[түрк]] уруулары Иби Дулу-хан (каган) деген ат менен Юйгу Шени хан шайлап, ал Хилишиге каршы согуш ачат, бирок андан эч майнап чыкпагандан кийин бул экөө [[Иле]] суусунун боюнда тынчтык келишимин түзүп, өзөндүн батышын Дулу, чыгышын Хилиши алган. Натыйжада Иле дарыясынан Сыр-Дарыяга чейинки аралык, алардын ичинде Сяоми менен Гйегу [Хягастар] ([[кыргыздар]]) Дулу кагандын бийлигинде калышкан. Андан ары Дулу каган аскерлеринин санын көбөйтүп, алгач [[Тухоло]]ну, анан кийин Кангүй менен Даомини караткан. Ушуну менен бүткүл [[Борбордук Азия]]нын аймагын камтыган кыска мөөнөттөгү жаңы империя пайда болгон. Бул жерде Н. Бичурин «Сяоми» же «Даоми» деп Согдиананы, ошондой эле Кангүй өлкөсүн да түшүндүргөн. Кийин каңгүйлөр этностук жактан соңку түрк элдерине (кыргыз, [[казак]], [[түркмөн]], [[азербайжан]], [[башкыр]], [[ногой]], [[крым татарлары]], кара [[калпак]] ж. б.) жуурулушуп кеткен. | <b type='title'>КАҢГҮЙ</b> (кыт. 康居, Канцзюй), башка маалыматтарда Кангха, Кангдиз – [[Орто Азия]]дагы байыркы мамлекеттик бирикме. «Канцзюй» топоним катары алгач [[Сыма Цян]]дын б. з. ч. 203–201-жылдары жазылган «[[Тарыхый жазмалар]]» («Ши цзи») деген эмгегинде эскерилет. Ал б. з. ч. 138-жылдары Орто Азияга келген [[Чжан Цян]]дын көрсөтмөлөрүнө таянган. Н. Я. [[Бичурин]]дин (Иакинф) тушунда [[орус тили]]нде жумшак «ж» («j»), ошондой эле түрк тилиндеги мурунчул «ң» тыбыштары болбогондуктан, ал аны «г» же «нг» тамгасы катары колдонуп, «кангуй» же «кангиюй» деп окуган. Кытай сөздүгү боюнча «kang» тыбышы байыркы заманда кандайдыр аймактын же хан сарайдын көлөмүн сүрөттөөдө «кең» («чоң», «эбегейсиз зор»), ошондой эле «бакыт», «жыргал», «кубаныч», «тынчтык» деген мааниде колдонулса, «цзюй» (байыркы окулушу «kiya», «kia») [[иероглиф]]и «жашаган жер», «ээлеген орун» («конуш») сыяктуу сөздү билдирген. Байыркы доордо («канг + цзюй») иероглифи толук «канг + киа» деп айтылып, уңгусу болгон «канг» эч өзгөрүлбөй, ал эми убакыт өткөн сайын «киа» («kia») мүчөсү «цзи» (ji), «цзю», «цзюй» (ju, jü) болуп алмашылганын белгилешет. Ошондуктан кийинки учурдагы айрым окумуштуулар (мис., А. Ходжаев) байыркы заманда «Канцзюй», «Кангкия» («Кеңкия») «Кеңири өлкө» деген мааниде колдонулушу мүмкүн деген ойду сунушташат. Ал өлкө [[Арал деңизи]], [[Аму-Дарыя]] жана [[Сыр-Дарыя]], [[Хорезм]], [[Ташкент]], [[Талас|Та­лас]] суусуна чейинки аймактарды ээлеген. Каңгүй мам­лекетине беш дубан (Сусе, Фуме, Юени, Ги, Юегянь) карап, 600 миңдей калкы, 120 миңдей аскери болгон. Каңгүй мамлекети б. з. ч. 2-кылымда усун уруулары жана [[Даван мамлекети]] менен элчилик, соода жана маданий байланыш түзгөн. Б. з. ч. 1- кылымдын орто ченинде [[Хань]] императору (б.з.ч. 141–87-жылдар) У-диге каршы алар [[гунндар]] менен союз түзүшкөн. Чжан Цянь байыркы Даванды (Даюань) «эли жыш жана байлыгы мол, көп сандуу жоокери бар чоң мамлекет болуп», анын башкаруучусу Канга (Канцзюй) падышасына көз каранды экенин белгилейт. Б. з. 1-кылымында кушандар менен ма­миле түзүп, Каңгүй падышасы кызын [[Кушан мамлекети|Ку­шан мамлекети]]нин башчысына берген. Б. з. 1–3-кылымдарында Хорезм жана Ташкент аймагын Кушан мамлекетине тарттырып жиберген. Байыркы жазма булактарда б. з. 287-жылы Каңгүй элчилери [[Кытай|Кы­тай]]дын Батыш Цзин, 379-жылы Эртецин, 437-жылы Вей падышалыктарына келгендиги баяндалат. 638-жылы батыш [[түрк]] уруулары Иби Дулу-хан (каган) деген ат менен Юйгу Шени хан шайлап, ал Хилишиге каршы согуш ачат, бирок андан эч майнап чыкпагандан кийин бул экөө [[Иле]] суусунун боюнда тынчтык келишимин түзүп, өзөндүн батышын Дулу, чыгышын Хилиши алган. Натыйжада Иле дарыясынан Сыр-Дарыяга чейинки аралык, алардын ичинде Сяоми менен Гйегу [Хягастар] ([[кыргыздар]]) Дулу кагандын бийлигинде калышкан. Андан ары Дулу каган аскерлеринин санын көбөйтүп, алгач [[Тухоло]]ну, анан кийин Кангүй менен Даомини караткан. Ушуну менен бүткүл [[Борбордук Азия]]нын аймагын камтыган кыска мөөнөттөгү жаңы империя пайда болгон. Бул жерде Н. Бичурин «Сяоми» же «Даоми» деп Согдиананы, ошондой эле Кангүй өлкөсүн да түшүндүргөн. Кийин каңгүйлөр этностук жактан соңку түрк элдерине (кыргыз, [[казак]], [[түркмөн]], [[азербайжан]], [[башкыр]], [[ногой]], [[крым татарлары]], кара [[калпак]] ж. б.) жуурулушуп кеткен. | ||
Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о | Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о | ||
народах, обитавших в средней Азии в древние времена. В 3-х т. А., 1998; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Ходжаев А. Сведения древнекитайских источников по этнической истории Центральной Азии. Ташкент, 2017. | народах, обитавших в средней Азии в древние времена. В 3-х т. А., 1998; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Ходжаев А. Сведения древнекитайских источников по этнической истории Центральной Азии. Ташкент, 2017. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
04:13, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 -деги абалы
КАҢГҮЙ (кыт. 康居, Канцзюй), башка маалыматтарда Кангха, Кангдиз – Орто Азиядагы байыркы мамлекеттик бирикме. «Канцзюй» топоним катары алгач Сыма Цяндын б. з. ч. 203–201-жылдары жазылган «Тарыхый жазмалар» («Ши цзи») деген эмгегинде эскерилет. Ал б. з. ч. 138-жылдары Орто Азияга келген Чжан Цяндын көрсөтмөлөрүнө таянган. Н. Я. Бичуриндин (Иакинф) тушунда орус тилинде жумшак «ж» («j»), ошондой эле түрк тилиндеги мурунчул «ң» тыбыштары болбогондуктан, ал аны «г» же «нг» тамгасы катары колдонуп, «кангуй» же «кангиюй» деп окуган. Кытай сөздүгү боюнча «kang» тыбышы байыркы заманда кандайдыр аймактын же хан сарайдын көлөмүн сүрөттөөдө «кең» («чоң», «эбегейсиз зор»), ошондой эле «бакыт», «жыргал», «кубаныч», «тынчтык» деген мааниде колдонулса, «цзюй» (байыркы окулушу «kiya», «kia») иероглифи «жашаган жер», «ээлеген орун» («конуш») сыяктуу сөздү билдирген. Байыркы доордо («канг + цзюй») иероглифи толук «канг + киа» деп айтылып, уңгусу болгон «канг» эч өзгөрүлбөй, ал эми убакыт өткөн сайын «киа» («kia») мүчөсү «цзи» (ji), «цзю», «цзюй» (ju, jü) болуп алмашылганын белгилешет. Ошондуктан кийинки учурдагы айрым окумуштуулар (мис., А. Ходжаев) байыркы заманда «Канцзюй», «Кангкия» («Кеңкия») «Кеңири өлкө» деген мааниде колдонулушу мүмкүн деген ойду сунушташат. Ал өлкө Арал деңизи, Аму-Дарыя жана Сыр-Дарыя, Хорезм, Ташкент, Талас суусуна чейинки аймактарды ээлеген. Каңгүй мамлекетине беш дубан (Сусе, Фуме, Юени, Ги, Юегянь) карап, 600 миңдей калкы, 120 миңдей аскери болгон. Каңгүй мамлекети б. з. ч. 2-кылымда усун уруулары жана Даван мамлекети менен элчилик, соода жана маданий байланыш түзгөн. Б. з. ч. 1- кылымдын орто ченинде Хань императору (б.з.ч. 141–87-жылдар) У-диге каршы алар гунндар менен союз түзүшкөн. Чжан Цянь байыркы Даванды (Даюань) «эли жыш жана байлыгы мол, көп сандуу жоокери бар чоң мамлекет болуп», анын башкаруучусу Канга (Канцзюй) падышасына көз каранды экенин белгилейт. Б. з. 1-кылымында кушандар менен мамиле түзүп, Каңгүй падышасы кызын Кушан мамлекетинин башчысына берген. Б. з. 1–3-кылымдарында Хорезм жана Ташкент аймагын Кушан мамлекетине тарттырып жиберген. Байыркы жазма булактарда б. з. 287-жылы Каңгүй элчилери Кытайдын Батыш Цзин, 379-жылы Эртецин, 437-жылы Вей падышалыктарына келгендиги баяндалат. 638-жылы батыш түрк уруулары Иби Дулу-хан (каган) деген ат менен Юйгу Шени хан шайлап, ал Хилишиге каршы согуш ачат, бирок андан эч майнап чыкпагандан кийин бул экөө Иле суусунун боюнда тынчтык келишимин түзүп, өзөндүн батышын Дулу, чыгышын Хилиши алган. Натыйжада Иле дарыясынан Сыр-Дарыяга чейинки аралык, алардын ичинде Сяоми менен Гйегу [Хягастар] (кыргыздар) Дулу кагандын бийлигинде калышкан. Андан ары Дулу каган аскерлеринин санын көбөйтүп, алгач Тухолону, анан кийин Кангүй менен Даомини караткан. Ушуну менен бүткүл Борбордук Азиянын аймагын камтыган кыска мөөнөттөгү жаңы империя пайда болгон. Бул жерде Н. Бичурин «Сяоми» же «Даоми» деп Согдиананы, ошондой эле Кангүй өлкөсүн да түшүндүргөн. Кийин каңгүйлөр этностук жактан соңку түрк элдерине (кыргыз, казак, түркмөн, азербайжан, башкыр, ногой, крым татарлары, кара калпак ж. б.) жуурулушуп кеткен.
Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. В 3-х т. А., 1998; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Ходжаев А. Сведения древнекитайских источников по этнической истории Центральной Азии. Ташкент, 2017.