КУЗНЕЦК АЛА-ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КУЗНЕ́ЦК АЛА-ТООСУ – Сибирдин түштүгүндөгү тоолуу аймак; Кузнецк жана Минуса (Миң- Суу) ойдуңдарынын аралыгында жайгашкан. Уз. 300 кмдей. Бийикт. 2178 мге чейин. Акиташ теги, кварцит, кремнийлүү жана чополуу сланецтерден туруп, аларды көптөгөн гранит интрузиялары ж. б. жиреп чыккан. Кен байлыктары: темир, марганец, алтын, хром, боксит ж. б. Өтө тилмеленген жапыз жана орто бийик тоо массивдеринен турат. Тоо тайгасы (көк карагай, карагай, бал карагай) басымдуу. Деңиз деңг. 1300– 1500 мден өйдө мамык чөп-эңилчектүү, бадалдуу жана таштуу тундра мүнөздүү. Шагылдар менен капталган, жылаңач аскалуу беттер да кездешет.