КРОКОДИЛДЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КРОКОДИЛДЕР (Сгосоdylia) – сууда жашоочу сойлоочулар түркүмү. Денеси кескелдирик сымал, уз. 2–7 мге чейин, башы жалпагай, узун тумшуктуу. Көзү жана таноосу башынын үстүндө. Таноосу жана кулак тешиктери жапкак менен жабылган. Ооз көңдөйүндө экинчи таңдай өөрчүгөн. Куйругу узун жана бийик. Буттары кыска, күчтүү, сүзгүч жаргактары бар. Териси калың, мүйүз калкандар менен капталган, астында сөөк пластинкалар (остеодермалар) жайгашкан. Башка сойлоочулардан айырмаланып, К-дин жүрөгү төрт камералуу. Өпкөсү чоң, татаал түзүлүштө, табарсыгы жок. Клоакасы дайыма узунунан кеткен жылчык түрүндө, эркегинде жуп эмес жы-

ныс мүчөсү болот. К-дин 3 тукуму бар: аллигаторлор, гавиалдар жана кадимки К. Кадимки К-дин 3 уруусу, 15 түрү, а. и. уз. 7 мге жеткен нил крокодили белгилүү. Суунун көлгө жана деңизге куйган жеринде, Түш.-Чыгыш Азиянын деңиз жээктеринде, Малайя архипелагынын а-нда, о. эле Түн. Австралия жана Жаңы Гвинеяда уз. 6 мге жеткен кыр жондуу крокодил кездешет. К. тропик жана субтропиктин тузсуз көлмөлөрүндө таралган, кээ бири деңизге алыс сүзүп барат. Көбүнчө сууда болуп, түнкүсүн активдүү. Негизинен балыктар, суу омурткасыздары, о. эле куштар жана сүт эмүүчүлөр менен азыктанат. Нил жана кыр жондуу К. адам үчүн коркунучтуу. К-дин ургаачылары тайыз жердеги кумга же саздагы чириндилер арасына 20–
100 катуу акиташ кабыктуу жумуртка тууйт. Көп түрү тукумуна кам көрөт. К-дин эти желет, териси үчүн (өзгөчө аллигаторлор) кармалып, саны кескин азайып, көп түрү жок болуп кетүү алдында турат. Кадимки К-дин 15 түрү ТКЭС-тин Кызыл китебинде катталган. Бир катар өлкөлөрдө (АКШ, Япония, Куба ж. б.) К. питомниктери бар.