КРИСТАЛЛ ФИЗИКАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КРИСТА́ЛЛ ФИЗИКАСЫ – физиканын крис­талл абалындагы заттардын, анизотропиялуу чөйрөнүн физ. касиеттерин жана ал касиеттер­дин сырткы таасирлерден өзгөрүшүн изилдөөчү бөлүмү. Көптөгөн физ. кубулуштар кристалл заттарга гана тиешелүү. Алсак, жарык нурунун кристаллда ача (2 багытка) сынышы, түз жана тескери пъезоэффекттер, электр оптикалык эф­фекттер ж. б. К. ф-нда кристаллдардын физ. касиеттерин сандык жактан мүнөздөө үчүн мат­рицалык, тензорлук эсептөө жана группалар тео­риясы деген матем. аппараттар колдонулат. Кристаллдардын касиеттери багыттарга көз ка­ранды (анизотропия), бирок симметриялары эквиваленттүү багыттар б-ча бирдей. Ошого ка­рабастан кээ бир касиеттери (мис., тыгыздык) багытка көз каранды эмес жана скалярдык чоң­дуктар менен мүнөздөлөт. К. ф. катуу заттардын физикасын, кристалл химиясынын маселелерин изилдейт. К. ф-нда эң негизги орунду реалдуу кристаллдар физикасы ээлейт, б. а. кристаллда­гы ар түрдүү дефектилердин (чекиттик дефекти­лер, вакансиялар, дислокациялар ж. б.) крис­таллдардын физ. касиеттерине тийгизген таа­сирлерин үйрөтөт.