КРИСТАЛЛ ОПТИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КРИСТА́ЛЛ ОПТИКАСЫ – оптиканын жана кристалл физикасынын чектеш тармагы; ал жарыктын кристаллдагы таралуу законун изилдейт. К. о. кристаллдагы жарык нурунун кош сынышын, жарыктын уюлдануусун (полярлануусу), уюлдануу тегиздигинин айланышын, таралуу багытына жараша анын түсүнүн өзгөрүшүн (плеохроизм) ж. б. кубулуштарды үйрөтөт. Жарыктын кристаллда жутулуусун жана кристаллдын жарыкты нурдантуусун кристалл спектроскопиясы, электр жана магнит талаас ынын кристаллдын оптикалык касиет ине т ий ги зген таасирин, электр оптикасы жана магнит оптикасы изилдейт. К ристалл торчос унун

параметри (–10Е) көзгө көрүнгөн жарык нурунун толкун узундугунан (4000–7000Е) алда канча кичине болгондуктан, кристалл бир тектүү, бирок анизотроптуу чөйрө катары каралат. Жарык кристаллда бардык тарапка бирдей ылдамдык менен тараса, анда мындай чөйрө изотроптуу чөйрө деп аталат. Кристаллдын оптикалык анизотропия касиети бөлүкчөлөрдүн өз ара аракет этүү күчтөрүнүн талаасынын анизотропиясына байланыштуу. Бул талаанын мүнөзү кристаллдын симметриясына көз каранды. Кубдук кристаллдан башка кристаллдар анизотропиялык касиетке ээ. Жаратылышта кезигүүчү турмалин кристаллын жарык нурунун жолуна тоскондо жарык нуру уюлданат. Жарык нуру бир октуу кристаллдан өткөндө уюлданып, өз ара тик эки нурга ажырайт. Кристаллдын башкы тегиздигине тик болгон нур кадимки нур, ал эми тегиздик б-ча термелген электр термелүүсү кадимки эмес нур деп аталат. Кандай гана шарт болбосун кадимки нур бардык багыт б-ча бирдей ылдамдыкта таралат да, сынуу көрсөткүчү туруктуу болот. Ал эми кадимки эмес нурларда, тескерисинче, сынуу көрсөткүчү (n) жарыктын таралуу багытына жараша өзгөрөт (n const). К. о-нын ыкмалары уюлдашкан жарыкты алууда жана талдоодо, оптикалык затворду, модуляторду ж. б. жасоодо колдонулат.
Ад.: Шубников А. В. Основы оптической кристаллографии. М., 195 8; Константинова А. Ф., Гречушников Б. Н., Бонуть Б. В., Валашков Е. Г. Оптическиесвойствакристаллов.Минск,1995.