КРИПТОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КРИПТО́Н (лат. Kryptonum), Kr – элементтер­дин мезгилдик системасынын VIII тобунда орун алган хим. элемент. Асыл газдарга кирет, ат. н. 36, ат. м. 83,80. 1898-ж. англ. химиктер У. Рам­зай менен М.Траверс ачкан. К. түссүз, жытсыз газ.
Атм-да 3.104% болот (көлөм б-ча). К. 6 изо­топтун аралашмасынан турат: окистенүү дара­жасы +2. К-дун молекуласы бир атомдон ту­рат. Тыгызд. 3,745 г/л3, эрүү t – 157,1°С, кай­ноо t –153,2°С. Суюк абалындагы тыгызд. 2,472 г/см3, ал эми катуу абалында 3,100 г/см3. Катуу К. кубдук кристаллдык торчону, суу жана орг. заттар менен клатраттарды пайда кылат. К-дун фтор (KrF2), фенол, хлороформ ж. б. менен бирикмелери алынган. К. өндүрүштө абадан алынат. 85Kr радиоактивдүү изотобун –-нурун алуучу булак катары медицинада, индикатор катары коррозияны изилдөөдө ж. б-да колдо­нулат. Андан сырткары К. электр вакуум тех­никасында, ысытылып жарык берүүчү лампа­ларды, түстүү жарнама түтүктөрүн (ак түс) тол­турууда да колдонулат. К. болоттон жасалган баллондо 5–10 МПа басым астында сакталат.