КРЕВЕТКАЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КРЕВЕТКАЛАР (Natantia) – он буттуу рактар түркүмчөсү. Уз. 2–30 см, курсак жагы булчуңдуу келип, башы менен көкүрөгүнөн узун. Көпчүлүгүнүн биринчи эки жуп бутунда кыпчуурлары болот. Эки ача курсак буту сүзүүгө жардам берет. Биринчи же экинчи жуп буттары ургаачысында жумуртка алып жүрүүгө, эркегинде копуляция органы ката-

ры кызмат аткарат. Алардын 2000ге жакын түрү бар. Туздуу, тузсуз суулардын түбүндө жашап, планктон менен азыктанат. Тереңдикте жашагандарынын кээ бири жарык чыгарууга жөндөмдүү, айрымдары кубулуп, түсүн өзгөртөт. Алардын көбү атайын кармалып, тамакка пайдаланылат.