КРАСНАЯ РЕЧКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КРА́СНАЯ РЕ́ЧКА , Ш а л т а к п а й – Чүй облнун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Красная Речка айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 737 м бийикте, Кеңеш кыш-на туташ жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кант ш-нан 10 км чыгыш тарапта. Кыштак 1926-ж. негизделген. Калкы 7026 (2007); негизинен мал жана дыйканчылык менен алектенет. Орто жана мектепинтернат, китепкана, спорт комплекси, амбулатория, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.