КӨЧӨТ ТОПУРАГЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨЧӨТ ТОПУРАГЫ</b> – кооз өсүмдүк өстүрүүдө | <b type='title'>КӨЧӨТ ТОПУРАГЫ</b> – кооз өсүмдүк өстүрүүдө пайдаланылуучу топурак аралашмасы; түр­дүү кошулмалардан даярдалат. Чым топурак көчөт топурагынын көбүнүн курамына кирет. Ал эски жайыттан алынып, уйдун кыгына (4 <i>м</i><sup>3 </sup>чым топу­ракка 1 <i>м</i><sup>3 </sup>кык) аралаштырылат. Топурактын кычкылдуулугун төмөндөтүү үчүн акиташ ко­шуп, суу чачып, эки жыл бою даярдалат. Чирин­ди топурак жылытылмада (парникте) мурда пайдаланылган кык жана топурактан турат. Пар­никти тазалаганда, чиринди топуракты бир жер­ге үйүп, аралаштырып турат (бир-эки жылда даяр болот). Компост топурак ар кандай органикалык калдыкты (отоо чөп ж. б.) чиритүүдөн алынып, кык чыласы, суу чачылат; кычкылдуулугун азайтыш үчүн акиташ кошуп, 2–3 жылдан ки­йин пайдаланылат. Чым көң топурагы чым көң­дөн алынат. Узата үйүлүп, бир жайда 3–4 жолу аралаштырылып, кык чыласын чачып, акиташ, фосфор унун же күл кошуп даярдалат. Чым көң топурагына азот бактеринин менен фосфор бакте­ринин кошсо, сапаты жакшырат. Булардан тышкары К. т. жалбырак ж. б. чириндилерден да алынат. | ||
пайдаланылуучу топурак аралашмасы; түр­дүү кошулмалардан даярдалат. Чым топурак | |||
азайтыш үчүн акиташ кошуп, 2–3 жылдан ки­йин пайдаланылат. Чым көң топурагы чым көң­дөн алынат. Узата үйүлүп, бир жайда 3–4 жолу | |||
аралаштырылып, кык чыласын чачып, акиташ, фосфор унун же күл кошуп даярдалат. Чым көң топурагына азот бактеринин менен фосфор бакте­ринин кошсо, сапаты жакшырат. Булардан тышкары К. т. жалбырак ж. б. чириндилерден да алынат. | |||
[[Категория:4-том, 547-596 бб]] | [[Категория:4-том, 547-596 бб]] | ||
11:01, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 -деги абалы
КӨЧӨТ ТОПУРАГЫ – кооз өсүмдүк өстүрүүдө пайдаланылуучу топурак аралашмасы; түрдүү кошулмалардан даярдалат. Чым топурак көчөт топурагынын көбүнүн курамына кирет. Ал эски жайыттан алынып, уйдун кыгына (4 м3 чым топуракка 1 м3 кык) аралаштырылат. Топурактын кычкылдуулугун төмөндөтүү үчүн акиташ кошуп, суу чачып, эки жыл бою даярдалат. Чиринди топурак жылытылмада (парникте) мурда пайдаланылган кык жана топурактан турат. Парникти тазалаганда, чиринди топуракты бир жерге үйүп, аралаштырып турат (бир-эки жылда даяр болот). Компост топурак ар кандай органикалык калдыкты (отоо чөп ж. б.) чиритүүдөн алынып, кык чыласы, суу чачылат; кычкылдуулугун азайтыш үчүн акиташ кошуп, 2–3 жылдан кийин пайдаланылат. Чым көң топурагы чым көңдөн алынат. Узата үйүлүп, бир жайда 3–4 жолу аралаштырылып, кык чыласын чачып, акиташ, фосфор унун же күл кошуп даярдалат. Чым көң топурагына азот бактеринин менен фосфор бактеринин кошсо, сапаты жакшырат. Булардан тышкары К. т. жалбырак ж. б. чириндилерден да алынат.