КӨЧӨТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨЧӨТ – уруктан өндүрүлүп, кийин туруктуу жерге көчүрүлүп отургузулуучу жаш жашылча жана дарак өсүмдүктөр. Мөмө дарак К-ү себилме өсүмдүккө кыйыштырылып алынат. Калемче да К-кө кирет. Ачык аянтка отургузулуучу жашылча К-төрү парник же жылытылмада өстүрүлөт. Бадыраң, томат ж. б. жашылча К-төрүнө электр кубаты менен кошумча жарык берилет. Мындай учурда өсүмдүк 7–15 күн эрте мөмө байлап, түшүмдүүлүгү жогорулайт (мис., бадыраңдыкы 15–20% ке, томаттыкы 20–30%ке). Эрте жетилүүчү ак жана түстүү капуста, бадыраң, томат, баклажан, калемпир К-төрү карапа идишке өстүрүлүп, аларды жабуу үчүн ар кандай плёнкалар (полиэтилен, поливинилхлорид ж. б.) колдонулат. Плёнка менен жабылуучу жайларда К. өстүрүүдө темп-paга, абанын нымдуулугуна өзгөчө көңүл буруу керек. Өсүмдүктү К-үнөн өстүрүү анын ачык аянттагы вегетация мөөнөтүн кыскартат; вегетация мезгили узак, баалуу сорттогу өсүмдүктөрдү жайы кыска аймактарда өстүрүүгө, эрте түшүм алууга ж. б. мүмкүндүк берет. Жакшы К. өстүрүү үчүн топурактын таза болушу, илдет менен зыянкечтерге каршы дары чачуу, имараттын жакшы желдетилиши, абанын өтө нымдуу болушу зарыл.