КӨЧМӨН ЧАРБАЛАРДЫ ОТУРУКТАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨЧМӨН ЧАРБАЛАРДЫ ОТУРУКТАШТЫРУУ– Совет бийлиги орногондон кийин СССР- дин курамына караган көчмөндөрдү отурукташтыруу үчүн колдонулган атайын саясий иш-чара. Кырг-нда бул маселе Кыргыз обкомунун пленумунда (1931, 1–4-февраль) жана Кыргыз АССР Советтеринин 3-съездинде (1931, 6–12-февраль) каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Ошол эле жылы Кырг-н ЭКСтин алдында К. ч. о. б-ча респ., райондук к-ттер түзүлүп, 1937-жылга карата жарым млндой көчмөн калк отурукташтырылган. Анын негизинде айыл-кыштактар колхоз-совхоздорго айланып, чарба жүргүзүү үчүн маданий-агартуу ж. б. мекеме, ишканалар курулган, к. Айыл чарбаны коллективдештирүү.