КӨПҮРӨ (инженердик курулма): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

08:34, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨПҮРӨ – жол курууда кездешүүчү ар кандай тоскоолдордун (канал, дарыя, капчыгай, терең сай жана башкалар) үстүнө тургузулуучу инженердик курулма. Ал автомобилдик, темир жолдук жана жөө кишилер өтүүчү болуп бөлүнөт да, шаар көчөлөрүнө жана шаардан сырткы жолдорго салынат. Көпүрө бышык жана узакка чыдамдуу курулуш материалдары­нан тургузулат. Көпүрөнүн негизги бөлүктөрү – түркүктөр (тирөөчтөр, четки таянычтары) жана аралыгын туташтырып туруучу атайын куру­луш материалдары (пролёттук конструкция). Дарыя менен каналга салынган көпүрө виадуктар жана эста­кадалар (суусуз тоскоолдорго салынган), жол өткөөлдөрү (жол үстүнө салынган) болуп айыр­маланат. Негизги бөлүктөрү курулган мате­риалга жараша жыгач, таш, темир-бетон жана болот көпүрө. деп аталат. Негизги конструкция системасы боюнча устундуу көпүрө, арка түрүндөгү, рама түрүндөгү, асма, вант түрүндөгү жана айкалышкан көпүрө болуп айырмаланат (к. сүрөт.). Алгачкы арка конструкциясын римдиктер колдонуп (биздин замандын 100-жылы),

Цин Ма көпүрөсү, Гонконг.



Көпүрөлөр системасы: а – туташ устундуу; б – ус­тун консолдуу; в – аркалуу; г – айкалыштырылган; д – рама түрүндөгү; е – рама түрүндөгү асма; ж – асма; з – вант түрүндөгү; 1 – шарнир; 2 – арка; 3 – арка түрүндөгү тирек; 4 – кергич; 5 – түркүк; 6 – ригель; 7 – зым аркан; 8 – тирөөч; 9 – аскыч; 10 – күч келүүчү устун; 11 – анкер түркүк; 12 – вант.

мындай конструкция менен Алькантара көпүрөсү Тахо дарыясына курул­ган. Европада бул типтеги көпүрөлөр 14-кылымдан баш­тап курула баштаган, мисалы, Флоренциядагы (Италия) Понте Веккио көпүрөсү 1345-жылы аяктаган. 1979-жылы курулган Колбрукдейлск темир көпүрөсү жаңы, темир жана металл арка конструкция эрасы­нын башталышы болуп калды. Кийин тирөөч аралыгы 500 м болгон Сиднейдеги (1932) жана Нью-Йорктогу Байоннск (1930) көпүрөлөрү курулган. 1882–1889-жылдары Шотландиядагы Фортский көпүрөсү, 1964-жылы курулган Сиднейдеги бетон аркалуу тирөөч аралыгы 305 м болгон Глейдсвиллск көпүрөсү курулган. Кеңири таралган асма көпүрөлөр үч канаттан туруп, эки жак учуна тең анкердик бекиткичтер байланган. Көпүрөнүн өзгөчө түрлөрү – калкыма, ачылма жана ачылып-жыйналма көпүрөлөр да болот.