КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАДЫШАЧЫЛЫК МЕЗ-ГИЛДЕГИ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК БӨЛҮНҮШҮ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 3 сап: | 3 сап: | ||
өкмөтүнүн башкаруу системасы. Россия импе­риясы Кырг-нды толук каратып алып, өзүнүн башкаруу системасын киргизген. Алгачкылар­дан болуп орус бийлигин тааныган <i>бугу</i> уруусу 1862-ж. Батыш Сибирь генерал-губернаторлугу­на караштуу Семей обл-нун Ала-Тоо (Алатау, | өкмөтүнүн башкаруу системасы. Россия импе­риясы Кырг-нды толук каратып алып, өзүнүн башкаруу системасын киргизген. Алгачкылар­дан болуп орус бийлигин тааныган <i>бугу</i> уруусу 1862-ж. Батыш Сибирь генерал-губернаторлугу­на караштуу Семей обл-нун Ала-Тоо (Алатау, | ||
<br type=PH info="КЫРГЫЗСТАНДЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ 763"/> | <br type=PH info="КЫРГЫЗСТАНДЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ 763"/> | ||
[[File:КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАДЫШАЧЫЛЫК МЕЗ-ГИЛДЕГИ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК БӨЛҮНҮШҮ28.png | thumb | 1-Кокон ш-н алгандыгы үчүн берилген медаль. | |||
[[File:КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАДЫШАЧЫЛЫК МЕЗ- ГИЛДЕГИ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК БӨЛҮНҮШҮ28.png | thumb | 1-Кокон ш-н алгандыгы үчүн берилген медаль. | |||
2 - О. Азияны каратуу жүрү­шүнө катышкандыгы үчүн берилген медаль. | 2 - О. Азияны каратуу жүрү­шүнө катышкандыгы үчүн берилген медаль. | ||
3 - Кыргызстандын Россияга каратылышына карата чы­гарылган медаль.]] | 3 - Кыргызстандын Россияга каратылышына карата чы­гарылган медаль.]] | ||
18:35, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАДЫШАЧЫЛЫК МЕЗ-ГИЛДЕГИ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК БӨЛҮНҮШҮ – Россия империясынын курамындагы
Кырг-ндын адм.-аймактык түзүлүшү; падыша
өкмөтүнүн башкаруу системасы. Россия империясы Кырг-нды толук каратып алып, өзүнүн башкаруу системасын киргизген. Алгачкылардан болуп орус бийлигин тааныган бугу уруусу 1862-ж. Батыш Сибирь генерал-губернаторлугуна караштуу Семей обл-нун Ала-Тоо (Алатау,

Алатав) округуна кабыл алынган. 1865-ж. февралда Түркстан обл. түзүлүп, ага Ысык-Көл, Чүй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрү, кийинчерээк Борб. Теңир-Тоо караган. Түркстан обл-нун алгачкы аскер губернаторлугуна генерал М. Г. Черняев дайындалган. 1867-ж. 11-июлда падыша өкмөтүнүн «Жети-Суу (Семиречье) ж-а Сыр-Дарыя облустарын башкаруу жөнүндөгү убактылуу жобосу» м-н Түркстан генерал-губернаторлугуна айланып, анын чегинде Сыр-Дарыя (борбору Ташкент) ж-а Жети-Суу (борбору Верный) обл. пайда болгон. Түн. Кырг-н Жети-Суу облна карап, Ысык-Көл ж-а Токмок уезддери уюшулган. Кокон хандыгы жоюлган соң (1876), анын аймагында Фергана (борбору Жаңы Маргалаң), Самарканд (борбору Самарканд) облтары түзүлгөн. 1886-ж. 2-июнда «Түркстан аймагын башкаруу жөнүндө жобо» күчүнө кирет да, Түркстан генерал-губернаторлугу Түркстан крайы аталып, анын карамагына Самарканд, Сыр-Дарыя, Фергана обл. кирген. Самарканд обл-на Хожент; Сыр-Дарыя обл-на Олуя-Ата; Фергана обл-на Кокон, Маргалаң, Анжиян, Наманган, Ош уезддери караган. Жети-Суу обл. 1891-ж. 25-марттагы «Талаа (Степной) облустарын башкаруу жөнүндө жобого» ылайык Талаа (Степной) генерал-губернаторлугуна, 1899-жылдан кайрадан Түркстан крайына кирген. Ысык- Көл ж-а Токмок уезддеринин ордуна Пржевальск, Пишпек уезддери уюшулуп, борбору Омск ш. болгон. Облустар уезддерге, уезддер болуштуктарга (волость) бөлүнүп, аларга айылдар караган. Кырг-ндын калкы 73 болуштукка бөлүнүп, аларды 3 жылдык мөөнөткө шайланган болуштар (айыл аксакалы) м-н старчындар башкарган. Кырг-нда башкаруу жарым-жартылай аскердик мүнөздө болгон. Облустарды аскер губернаторлору башкарып, анын карамагына буйрук берүү, чарбалык ж-а сот бөлүмдөрүнөн турган обл. башкарма иштеген. Уезддердин башында уезддик начальниктер турган. Алардын көзөмөлү м-н жерг. манаптар, байлар болуштукка же старчындыкка шайланган. Болуштар падышалык чиновниктердин буйруктарынын аткарылышына, алык-салыктардын өз убагында жыйналышына көзөмөлдүк кылган. Старчындар болуштарга баш ийип, алардын көрсөтмөлөрүн аткарган. Жерг. бийликти жүргүзүүгө айыл аксакалдары, бийлер, казылар катышкан.
Ө. Осмонов.