КЮРИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЮ́РИЙ (лат. Curium), Сm – элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-ка­тарынын III тобундагы актиноиддерге кирүүчү жасалма жол м-н алынган радиоактивдүү хим. элемент. Ат. н. 96, ат. м. 247. К-дин массалык сандары 238Cm – 252Cm болгон 15 изотобу бел­гилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу 247Cm. Аны Т. Сиборг, А. Гиорсо, Р. Жеймс ж-а А. Морган ж. б. амер. окумуштуулар плутоний­ди y – бөлүкчөлөр м-н бомбалоодон алышкан.
Пьер ж-а Мария Кюрилердин атынан аталган. К. – күмүш түстүү жалтырак металл; эрүү t 1340оС; кайноо t 2607оС; бирикмелеринде +2, +3, +4 ж-а +6 кычкылдануу даражаларын көрсөтөт. К. суутек, кычкылтек ж-а галоген­дер м-н өз ара аракеттенип, гидриддерди, кыч­кылдарды, галогениддерди пайда кылат, К. күчтүү калыбына келтиргич, активдүү металл. Космосту изилдөөдө, электр тогунун генератор­лорунун тетиктерин жасоодо колдонулат.