КЮРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЮРИ́ Пьер (15. 5. 1859, Париж – 19. 4. 1906 ошол эле жер) – фр. физик. Франция ИАнын мүчөсү (1905), Нобель сыйл. (1903) лауреаты. Париж ун-тин бүтүрүп (1877), анда ассистент болуп иштеген. 1882–1904-ж. Парижде физика, химия мугалими, Париж ун-тинде проф. (1904). Негизги эмгектери кристаллдын физикасы, маг­нетизм ж-а радиоактивдүүлүккө арналган. Бир тууганы Поль Жан Кюри м-н бирге пьезоэлектр кубулушун ачкан ж-а изилдеген (1880). Крис­таллдардын симметриясын (Кюри принциби)


ж-а жалпы эле физикадагы симметрия маселелерин (1894) изилдеген. Магнит­тик кубулуштарды изилдөө К-ге парамагниттик заттар­дын магниттик кабылдоосу­нун абс. темп-рага көз ка­рандылыгын (Кюри закону) аныктаган ж-а ферромаг­ниттик материалдар пара­магниттикке айлануучу

(Кюри чекити) өзгөчө темп-раны аныктоого мүмкүндүк түздү. 1898-жылдан аялы М. Скло­довская-Кюри м-н бирге радиоактивдүүлүктү изилдей баштаган. Алар полоний, радийди ачып, радийдин нурлануусунун татаал курамын ж-а бул нурдун таасиринен айнек м-н фар­фордун боёло тургандыгын аныктаган. 1903-ж. К. радий тузу өзүнөн өзү жылуулук чыгара тур­ганын ачып, радиоактивдүүлүктүн биол. таа­сирин да изилдеген.


Ад.: Кюри М. П. Кюри. М., 1968.