КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ Т. А б д у м о м у н о в а т н. – Кыргндагы эң ири драма театры. 1926-ж. 2-ноябрда кыргыз муз. драма студиясы катары ачылган. Театрдын негиздөөчүлөрү: студиянын туңгуч жетекчиси ж-а реж. Н. Н. Еленин– студиянын окуучулары А. Куттубаева– К. Эшимбеков– Ш. Түмөнбаев– К. Айбашева– К. Мадемилова– Г. Уразбаева– А. Малдыбаев– А. Куттубаев– М. Ибраев ж. б. болгон. Cтудияда алгач Н. Елениндин «Молдо Насирдин» (1927)– кийин М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей» (1927)– К. Жантөшевдин «Карачач» (1929)– Н. Гоголдун «Текшерүүчү» (1929)– А. Островскийдин «Жок жерден табылган алтын» (1930) пьесалары б-ча спектаклдер коюлган. 1930-жылдын 7-ноябрында студия Кыргыз мамл. драма театрына айланып– К. Жантөшевдин «Алым менен Мария» пьесасы м-н ачылган. 1931-ж. театрга К. Акыев– А. Үсөнбаев– М. Күрөңкөев– А. Байбатыров– Ш. Термечиков ж. б. элдик өнөрпоздор кирген. 1936-жылдан театр Кыргыз муз. драма театрына– 1941-ж. кайрадан Кыргыз мамл. драма театрына айландырылган. Алгачкы труппасы ГИТИСти бүтүргөн (1941) уланкыздардан (Р. Айдаралиева– И. Абдубачаев– М. Ибраев– Н. Кытаев– А. Cаргалдаев ж. б.)– мурда театрда иштеген актёрлордон (А. Айбашев– Б. Бейшенбаева– А. Боталиев– Б. Кыдыкеева– Д. Күйүкова– C. Жаманов– C. Күмүшалиева– М. Рыскулов– А. Cарбагышев– Ш. Түмөнбаев– К. Эшимбеков ж. б.) куралган. Театр «Король Лир» (У. Шекспир) ж-а «Кедейлик кемтик эмес» (А. Островский) аттуу спектаклдер м-н ачыл-

ган. Кийин А. Токомбаев– Р. Шүкүрбеков– К. Маликов м-н А. Куттубаев– Ф. Шиллер– Б. Жакиев– Т. Абдумомунов– М. Байжиев– М. Тойбаев– А. Чехов– Л. Толстой– Ж. Cадыков ж. б. авторлордун пьесалары– Ч. Айтматовдун повесттери
б-ча спектаклдер коюлган. 1958-ж. театр Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланып– 1971-ж. академиялык наам алган. Театрдын калыптанышына ж-а өсүшүнө реж. Ж. Абдыкадыров– М. Назаралиев– Б. Ибраев– И. Рыскулов– О. Эркимбаева, А. Сарлыкбеков, сүрөтчүлөр Г. Айтиев, А. Торопов– М. Cыдыкбаев– М. Исхаков– Ю. Нурматов– артисттер А. Көбөгөнов– Н. Кытаев– C. Бал-
кыбекова– C. Далбаев– М. Далбаева– Г. Дулатова– C. Жумадылов– Ж. Cейдакматова– А. Өмүралиев– К. Досумбаев, А. Осмонов– Т. Турсунбаева, М. Асанбаев– Д. Байтөбөтов, С. Жунушалиева, И. Раимкулова, Ж. Сыдыкбаева, Г. Каниметова, Ш. Касымалиева, Э. Бекболиев ж. блардын эмгеги зор. 2002-ж. театрга улуттук статусу берилген. 1972-жылдан анын алдында театр окуу жайы иштейт. Театрдын директорлору: А. В. Октябрев, Р. Тургумбаев, И. Кокеев, А. Нурмамбетов, К. Маликов, К. Бектенов, А. Изибаев, А. Темиралиев, З. Тургумбеков, А. Көбөгөнов, А. Керимбаев, И. Төкөлдөшов, А. Исабеков, Ш. Шаршеев, С. Жумадылов, Т. Дулатов, А. Абдыкалыков, М. Баялинов, А. Сарлыкбеков, К. Осмонов, 2010-жылдан М. Алышпаев.