КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТАРЫХЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТАРЫХЫ</b> «Кыргыз тили» | <b type='title'>КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТАРЫХЫ</b> «Кыргыз тили» | ||
деген жалпы түшүнүктүн мазмунун анын жеке | деген жалпы түшүнүктүн мазмунун анын жеке | ||
өзүнүн азыркы мезгилдеги грамматика-лексика­лык өзгөчөлүктөрү гана түзбөстөн, анын алыс­кы | өзүнүн азыркы мезгилдеги грамматика-лексика­лык өзгөчөлүктөрү гана түзбөстөн, анын алыс­кы жана жакынкы тектеш түрк тилдерине бир­дей мүнөздөгү өзгөчөлүктөрү түзөт. Анткени ти­либиздин пайда болуп жана кылымдар бою | ||
өркүндөп жашап келиши да бирдей болбостон, | өркүндөп жашап келиши да бирдей болбостон, | ||
ички | ички жана сырткы таасирлердин натыйжасында | ||
өзүнүн негизги грамматикалык белгилерин сак­тап калуу | өзүнүн негизги грамматикалык белгилерин сак­тап калуу менен бирге лексика байлыгы улам ар­бып, грамматикалык айрым бир кубулуштары | ||
өзгөрүүгө дуушарланган. Дагы бир белгилөөчү кырдаал – тарых, социология, философия, коом | өзгөрүүгө дуушарланган. Дагы бир белгилөөчү кырдаал – тарых, социология, философия, коом | ||
таануу | таануу жана тил илимдерде «урук», «уруу», «эл», | ||
«улут» түшүнүктөрү жалпы | «улут» түшүнүктөрү жалпы идеологиялык көз-караш­тын өзгөрүүсү менен ар түрдүү колдонулуп жүр­гөндүгү байкалат: мисалы: Байыркы Кытай жыл­ баяндарында (б. з. ч. 2-к.) «кыргыз эли» – «кыр­гыз мамлекети» дегенди билдирген. Жалпы кыргыз тилинин тарыхы ж-дө айтуудан мурда анын «жалпы элдик тил», «жалпы элдик ада­бий тил» жана «жазма адабий тил» деген тер­миндер менен аталып айырмалангандыгы туура­луу жана алардын кыргыз тилтаануу илиминде бири-биринен айырмаланып, колдонула баш­ташы, анын себеби тууралуу да айтылганы бар.<br> | ||
Бул маселелер алгач 1950–60-жылдары кыр­гыз тил илиминин теоретиги | Бул маселелер алгач 1950–60-жылдары кыр­гыз тил илиминин теоретиги академик Б. М. <i>Юну­салиев</i> тарабынан козголуп, Кыргызстан б-ча изил­денген жана «кыргыз диалектологиясынын не­гиз салынышына байланыштуу болгон. Тилдин тарыхый өнүгүшүнүн бардык этаптарында анын жазма түрүндө сакталып калбагандыктан, аны башка тектеш тилдер менен салыштыруу аркы­л у у гана чындык к а жет ишү үгө бол ору н изилдөөлөр тастыктайт: болгондо да тилдин | ||
байыркы – «жансыз» деп эсептелген фактыла­рын тектеш тилдерге мүнөздүү фактылар | байыркы – «жансыз» деп эсептелген фактыла­рын тектеш тилдерге мүнөздүү фактылар жана алардагы жандуу көрүнүштөр менен салыштыруу аркылуу гана чындык айкындалат. Кыргыз тили Алтай тобундагы тилдердин (б. а. түрк, моңгол-манжур жана финн-угор) катарына ки­рери белгилүү. Ал эми анын өнүгүү тарыхы академик Б. М. Юнусалиевдин пикири б-ча 3 мез­гилге: Байыркы, Орто жана Жаңы мезгил деп бөлүнөт. 1. Байыркы (Енисей-моңгол) мезгили | ||
7–12-к-ды камтып, кыргыздардын Енисейден | 7–12-к-ды камтып, кыргыздардын Енисейден | ||
батышты көздөй жер которуп, Иртыш д-нын аралыгындагы аймактарга (б. а. Минуса ойду­ңуна) акырындап жайгашкан убактарды ичи­не алат да, тилдик белгилердин «д» атоочтор­дун ортонку муунунан [адак – бут (нога)], этиш­терде сөз аягынан [«код» – кой (поставь)] маа­нисиндеги сөздөр сымал ал кезде ушундай фор­мада болуп, рун жазуусунун түрк тилдеринде адабий форма катары колдонулуп жүргөн мез­гилин мүнөздөөчү тилдик белги деп аталат. Ошол учурда мындай көрүнүш азыркы хакас, шор, | батышты көздөй жер которуп, Иртыш д-нын аралыгындагы аймактарга (б. а. Минуса ойду­ңуна) акырындап жайгашкан убактарды ичи­не алат да, тилдик белгилердин «д» атоочтор­дун ортонку муунунан [адак – бут (нога)], этиш­терде сөз аягынан [«код» – кой (поставь)] маа­нисиндеги сөздөр сымал ал кезде ушундай фор­мада болуп, рун жазуусунун түрк тилдеринде адабий форма катары колдонулуп жүргөн мез­гилин мүнөздөөчү тилдик белги деп аталат. Ошол учурда мындай көрүнүш азыркы хакас, шор,тыва жана тофалардын байыркы ата-бабалары­нын тилдерине да мүнөздүү болгон. Ошентип | ||
«д»чыл тилдик көрүнүш ошол учурда кандай­дыр бир саналган тилдердин ал кездеги диалек­тилик өзгөчөлүктөрүнөн айырмалуу – бардыгы­нын жалпы адабий тили катары эсептелген жана «д» тилдүүлүк адабий жазма жалпылык­тын белгиси болгон. Ал эми ал мезгилдеги оозе­ки кыргыз тили үчүн «з»чылдык мүнөздүү бо­луп, жогорудагы сөздөр «азак» (нога) жана «коз» (положить) түрүндө болгон. Мындай тилдик айырмачылыктын издерин Кытайдын Хэйлун­цзян провинциясын мекендеген фуюй кыргыз­дарында сакталып калышы жогорудагы пикир­ди дагы бир жолу бекемдейт. Бул көрүнүштүн издери учурда тилибизде кездешүүчү «коз: коз­го, козут» жана «кой» – поставь; «айак» (орф. | |||
тыва | |||
«д»чыл тилдик көрүнүш ошол учурда кандай­дыр бир саналган тилдердин ал кездеги диалек­тилик өзгөчөлүктөрүнөн айырмалуу – бардыгы­нын жалпы адабий тили катары эсептелген | |||
«аяк») – нога сыяктуу кубулуштар да күбөлөйт.<br> | «аяк») – нога сыяктуу кубулуштар да күбөлөйт.<br> | ||
Жогоруда аталган фуюй кыргыздарынын тили­нен келтирилген фактылар байыркы Енисей кыргыздарынын жеке өзүнүн ал замандагы оозе­ки тилинин издеринин моңгол басырыгынын мезгилинде деле сактала берген тилдик өзгөчө­лүгү экендигин күбөлөйт. Ал эми 9-к-дын орто | Жогоруда аталган фуюй кыргыздарынын тили­нен келтирилген фактылар байыркы Енисей кыргыздарынын жеке өзүнүн ал замандагы оозе­ки тилинин издеринин моңгол басырыгынын мезгилинде деле сактала берген тилдик өзгөчө­лүгү экендигин күбөлөйт. Ал эми 9-к-дын орто | ||
ченинде кыргыздар Байыркы Уйгур каганды­гын өзүнө каратып алган мезгилде «з» тилдүүлүк байыркы уйгурлардын «д»чыл тилинин ордуна | ченинде кыргыздар Байыркы Уйгур каганды­гын өзүнө каратып алган мезгилде «з» тилдүүлүк байыркы уйгурлардын «д»чыл тилинин ордуна | ||
өздөштүрүлүп, чындыгында тилдик алмашуу болгондугун азыркы учурда Кытайда Тибет бөксө тоолорун мекендеген сарыг=югурлардын тилиндеги тилдик айырмачылыктар далилдеп турат. Ошентип, байыркы кыргыз тили ж-дө сөз болгондо анын абалы ж-дө негизинен «з»чыл тилдердин тобуна жатуучу тилдерден (фуюй кыргыздары, сарыг-югурлар, хакастар | өздөштүрүлүп, чындыгында тилдик алмашуу болгондугун азыркы учурда Кытайда Тибет бөксө тоолорун мекендеген сарыг=югурлардын тилиндеги тилдик айырмачылыктар далилдеп турат. Ошентип, байыркы кыргыз тили ж-дө сөз болгондо анын абалы ж-дө негизинен «з»чыл тилдердин тобуна жатуучу тилдерден (фуюй кыргыздары, сарыг-югурлар, хакастар менен шор­лордун тилдери) байкалат. О. эле байыркы кыр­гыз элдик тилинде созулма үндүүлөр да болгон эмес; эриндүүсү өтө күчтүү келип, жеке эле ичке | ||
үндүүлөр гана эмес, кең үндүүлөр да эриндеш­кен: «тогос» – девять, «козон» – заяц, «тухул» (монг. «тугал») – телёнок (салышт.: азыркы | үндүүлөр гана эмес, кең үндүүлөр да эриндеш­кен: «тогос» – девять, «козон» – заяц, «тухул» (монг. «тугал») – телёнок (салышт.: азыркы | ||
кырг. «токол» безрогий); сөз башында жалаң жумшак «б»: «бүзөг» – высокий; «бир» – один; | кырг. «токол» безрогий); сөз башында жалаң жумшак «б»: «бүзөг» – высокий; «бир» – один; | ||
«ж»: «жол» – дорога, «жи» – «же» – кушать.<br> | «ж»: «жол» – дорога, «жи» – «же» – кушать.<br> | ||
Бул мезгилге сөз ортосунда жумшак «г» мүнөздүү болгон: «агыр» – тяжёлый; «агыс» – рот; сөздүн аягында деле – ошол тыбыш: «са­рыг» – жёлтый; «суг» – вода ж. б. Бул мезгил­дин аяк ченинде (11–12-к.) кыргыз тилинин | Бул мезгилге сөз ортосунда жумшак «г» мүнөздүү болгон: «агыр» – тяжёлый; «агыс» – рот; сөздүн аягында деле – ошол тыбыш: «са­рыг» – жёлтый; «суг» – вода ж. б. Бул мезгил­дин аяк ченинде (11–12-к.) кыргыз тилинин | ||
кыпчак тилдери | кыпчак тилдери менен аралашуусу башталат. | ||
2. Кыргыз тилинин Орто (Алтай) мезгили 13– | 2. Кыргыз тилинин Орто (Алтай) мезгили 13– | ||
14-к-ды камтып, бул аралыкта кыргыз уруула­рынын бир бөлүгү моңголдордун сүргүнүнүн на­тыйжасында Түш. Алтайды көздөй көчүп, жерг. Алтай урууларынын тилдеринин таасирине (б. а. | 14-к-ды камтып, бул аралыкта кыргыз уруула­рынын бир бөлүгү моңголдордун сүргүнүнүн на­тыйжасында Түш. Алтайды көздөй көчүп, жерг. Алтай урууларынын тилдеринин таасирине (б. а. | ||
өз-ара таасирге) дуушарланып, ал эмес кыпчак тилдеринин таасирине да учурап, кыргыз тили | өз-ара таасирге) дуушарланып, ал эмес кыпчак тилдеринин таасирине да учурап, кыргыз тили | ||
батыш «й»чыл тилге айланат, | батыш «й»чыл тилге айланат, мисалы: «айак» – | ||
нога; «кой» – класть, положить. Бул мезгилде | нога; «кой» – класть, положить. Бул мезгилде | ||
жалпысынан алтай-кыргыз тилдик жалпылык­тар | жалпысынан алтай-кыргыз тилдик жалпылык­тар менен бирге ар биринин өзүнө гана таандык тилдик өзгөчөлүктөрү да катар жашай берген­диги байкалат. Ушул Орто мезгилдин эң ба­шында кыргыз-алтай уруу аралашмаларынан кыргыздардын чакан бөлүгү түштүктү көздөй жылып, Лобнор көлүнүн жээгине барып жай­гашып калып, тилдик жагынан тигилерден айырмалуу, С. Е. <i>Маловдун</i> аныктамасы б-ча байыркы Енисей кыргыздарынын урпактарынан турган бул эл (лоптуктар) тилинде кыргыз ти­линин ошол байыркы мезгилиндеги белгилерин сактап калган. Ал тилде негизинен орто кыр­гыз тилдик айырмачылыктардан башка созул­ма үндүүлөр жок. Лобнорчодо эриндешүү сакта­лып, «а, э» үндүүлөрү «у, щ» ичке үндүүлөрүнөн кийин эриндешет. Бул белги алтай тилинде тап­такыр жок; кыргызчада сейрек кездешип, лоб­нор тилин кыргыз тили менен жакындаштырат. Сөз башындагы «й» болсо, уйгур тилинин жеке белгиси болуп, анын байыркы жана азыркы түрүнө да, о. эле сарыг-югур тилине да мүнөздүү: | ||
«йол» – дорога, «йаз» – весна, «йел» – ветер.<br> | «йол» – дорога, «йаз» – весна, «йел» – ветер.<br> | ||
Сөз ортосунда – «г»: «агыз» – рот, уста; «агый» – хворать, «таг» – гора. Ал эми бардык кыргыз | Сөз ортосунда – «г»: «агыз» – рот, уста; «агый» – хворать, «таг» – гора. Ал эми бардык кыргыз | ||
диалектилерине мүнөздүү «с\\з» алмашуулары болсо тилибизди алтайлыктар | диалектилерине мүнөздүү «с\\з» алмашуулары болсо тилибизди алтайлыктар менен гана эмес, хакас, тыва жана якут (саха) тилдерине окшош­турат: «кыз\\кыс»; «сөз\\сөс» ж. б. тилибиздин байыркы мезгилине тиешелүү болуп, анын жо­горуда белгиленген «з» мезгилинен калган ра­ритеттерден. 3. Кыргыз тилинин Жаңы (Тянь- | ||
Шань) мезгили 15–16-к-га туура келип, элибиз­дин Енисейден Батышка жылып отуруп, Тянь- Шанга көчүп келип, андагы жерг. уруулар | Шань) мезгили 15–16-к-га туура келип, элибиз­дин Енисейден Батышка жылып отуруп, Тянь- Шанга көчүп келип, андагы жерг. уруулар менен аралашкан мезгилин камтыйт да, алардын тил­дик өзгөчөлүктөрүн өзүнө сиңирип алуунун на­тыйжасында (мисалы: «чекилдек» жана «чекир саяк» сыяктуу этнонимдер байыркы Енисей мезгили­не мүнөздүү «чигил», муну менен семантика түзүлүш жагынан «чийкил» жана «чийкил сары» сын атоочтору сыктуу тектеш сөздөр) азыркы кыргыз жалпы элдик тили өзүнүн бардык диа­лектилик жана айтымдык белгилери камтылган | ||
өзгөчөлүктөрү | өзгөчөлүктөрү менен калыптана баштайт. Бол­гондо да эң байыркы белгилери көбүнчө түндүк диалектилери сакталгандыгы байкалат. Ал эми азыркы кыргыз тили жалпысынан «й»чыл тил; орунбасар ( б. а. кийин пайда болгон) созулма­лар; эриндешүүсү өтө күчтүү; сөз башы «ж»чыл; сөздүн ортосунда жана аягында «г»нын дифтонг­дошуусу же үндүүгө айланышы мүнөздүү. Ал эми лобнор тилинде «г» бардык позицияларда сак­талып калгандыктан, кыргызчада анын жого­рудагыдай өзгөрүүгө дуушарланышы кыргыз тилинин тарыхынын орто мезгилинин аяк че­нине туура келет деп болжолдоого негиз берет. | ||
Ад.: <i>Юнусалиев Б. М.</i> К вопросу о формировании обшенародного языка //Труды Института языка и | Ад.: <i>Юнусалиев Б. М.</i> К вопросу о формировании обшенародного языка //Труды Института языка и литературы АН Киргизской ССР. Ф., 1956; <i>Малов С. Е.</i> Енисейская письменность тюрков. Тексты и переводы. М.-Л., 1952; <i>Убрятова Е. И</i>. Вопросы диа­лектологии тюркских языков. Баку, 1963; <i>Кычанов Е. И</i>. Сведения в «Кань-ши о переселениях киргизов в 13 в. (публикация источников)\\ Известия АН Киргизской ССР. Серия обществ. наук-5 (история). Ф., 1963; <i>Петров К. И</i>. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношение с ойротами в | ||
литературы АН Киргизской ССР. Ф., 1956; <i>Малов С. Е.</i> Енисейская письменность тюрков. Тексты и переводы. М.-Л., 1952; <i>Убрятова Е. И</i>. Вопросы диа­лектологии тюркских языков. Баку, 1963; <i>Кычанов Е. И</i>. Сведения в «Кань-ши о переселениях киргизов в 13 в. (публикация источников)\\ Известия АН Киргизской ССР. Серия обществ. наук-5 (история). Ф., 1963; <i>Петров К. И</i>. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношение с ойротами в | |||
13–15 вв. н. э. Ф., 1961; <i>Тенишев Э. Р., Орузбаева Б. О</i>. | 13–15 вв. н. э. Ф., 1961; <i>Тенишев Э. Р., Орузбаева Б. О</i>. | ||
Формирование киргизского языка. //История Кир­гизии (5-е изд.). Т. 1. | Формирование киргизского языка. //История Кир­гизии (5-е изд.). Т. 1.<p align='right'><i type='author'>Б. Ө. Орузбаева.</i></p> | ||
<p align='right'><i type='author'>Б. Ө. Орузбаева.</i></p> | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
09:22, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТАРЫХЫ «Кыргыз тили»
деген жалпы түшүнүктүн мазмунун анын жеке
өзүнүн азыркы мезгилдеги грамматика-лексикалык өзгөчөлүктөрү гана түзбөстөн, анын алыскы жана жакынкы тектеш түрк тилдерине бирдей мүнөздөгү өзгөчөлүктөрү түзөт. Анткени тилибиздин пайда болуп жана кылымдар бою
өркүндөп жашап келиши да бирдей болбостон,
ички жана сырткы таасирлердин натыйжасында
өзүнүн негизги грамматикалык белгилерин сактап калуу менен бирге лексика байлыгы улам арбып, грамматикалык айрым бир кубулуштары
өзгөрүүгө дуушарланган. Дагы бир белгилөөчү кырдаал – тарых, социология, философия, коом
таануу жана тил илимдерде «урук», «уруу», «эл»,
«улут» түшүнүктөрү жалпы идеологиялык көз-караштын өзгөрүүсү менен ар түрдүү колдонулуп жүргөндүгү байкалат: мисалы: Байыркы Кытай жыл баяндарында (б. з. ч. 2-к.) «кыргыз эли» – «кыргыз мамлекети» дегенди билдирген. Жалпы кыргыз тилинин тарыхы ж-дө айтуудан мурда анын «жалпы элдик тил», «жалпы элдик адабий тил» жана «жазма адабий тил» деген терминдер менен аталып айырмалангандыгы тууралуу жана алардын кыргыз тилтаануу илиминде бири-биринен айырмаланып, колдонула башташы, анын себеби тууралуу да айтылганы бар.
Бул маселелер алгач 1950–60-жылдары кыргыз тил илиминин теоретиги академик Б. М. Юнусалиев тарабынан козголуп, Кыргызстан б-ча изилденген жана «кыргыз диалектологиясынын негиз салынышына байланыштуу болгон. Тилдин тарыхый өнүгүшүнүн бардык этаптарында анын жазма түрүндө сакталып калбагандыктан, аны башка тектеш тилдер менен салыштыруу аркыл у у гана чындык к а жет ишү үгө бол ору н изилдөөлөр тастыктайт: болгондо да тилдин
байыркы – «жансыз» деп эсептелген фактыларын тектеш тилдерге мүнөздүү фактылар жана алардагы жандуу көрүнүштөр менен салыштыруу аркылуу гана чындык айкындалат. Кыргыз тили Алтай тобундагы тилдердин (б. а. түрк, моңгол-манжур жана финн-угор) катарына кирери белгилүү. Ал эми анын өнүгүү тарыхы академик Б. М. Юнусалиевдин пикири б-ча 3 мезгилге: Байыркы, Орто жана Жаңы мезгил деп бөлүнөт. 1. Байыркы (Енисей-моңгол) мезгили
7–12-к-ды камтып, кыргыздардын Енисейден
батышты көздөй жер которуп, Иртыш д-нын аралыгындагы аймактарга (б. а. Минуса ойдуңуна) акырындап жайгашкан убактарды ичине алат да, тилдик белгилердин «д» атоочтордун ортонку муунунан [адак – бут (нога)], этиштерде сөз аягынан [«код» – кой (поставь)] маанисиндеги сөздөр сымал ал кезде ушундай формада болуп, рун жазуусунун түрк тилдеринде адабий форма катары колдонулуп жүргөн мезгилин мүнөздөөчү тилдик белги деп аталат. Ошол учурда мындай көрүнүш азыркы хакас, шор,тыва жана тофалардын байыркы ата-бабаларынын тилдерине да мүнөздүү болгон. Ошентип
«д»чыл тилдик көрүнүш ошол учурда кандайдыр бир саналган тилдердин ал кездеги диалектилик өзгөчөлүктөрүнөн айырмалуу – бардыгынын жалпы адабий тили катары эсептелген жана «д» тилдүүлүк адабий жазма жалпылыктын белгиси болгон. Ал эми ал мезгилдеги оозеки кыргыз тили үчүн «з»чылдык мүнөздүү болуп, жогорудагы сөздөр «азак» (нога) жана «коз» (положить) түрүндө болгон. Мындай тилдик айырмачылыктын издерин Кытайдын Хэйлунцзян провинциясын мекендеген фуюй кыргыздарында сакталып калышы жогорудагы пикирди дагы бир жолу бекемдейт. Бул көрүнүштүн издери учурда тилибизде кездешүүчү «коз: козго, козут» жана «кой» – поставь; «айак» (орф.
«аяк») – нога сыяктуу кубулуштар да күбөлөйт.
Жогоруда аталган фуюй кыргыздарынын тилинен келтирилген фактылар байыркы Енисей кыргыздарынын жеке өзүнүн ал замандагы оозеки тилинин издеринин моңгол басырыгынын мезгилинде деле сактала берген тилдик өзгөчөлүгү экендигин күбөлөйт. Ал эми 9-к-дын орто
ченинде кыргыздар Байыркы Уйгур кагандыгын өзүнө каратып алган мезгилде «з» тилдүүлүк байыркы уйгурлардын «д»чыл тилинин ордуна
өздөштүрүлүп, чындыгында тилдик алмашуу болгондугун азыркы учурда Кытайда Тибет бөксө тоолорун мекендеген сарыг=югурлардын тилиндеги тилдик айырмачылыктар далилдеп турат. Ошентип, байыркы кыргыз тили ж-дө сөз болгондо анын абалы ж-дө негизинен «з»чыл тилдердин тобуна жатуучу тилдерден (фуюй кыргыздары, сарыг-югурлар, хакастар менен шорлордун тилдери) байкалат. О. эле байыркы кыргыз элдик тилинде созулма үндүүлөр да болгон эмес; эриндүүсү өтө күчтүү келип, жеке эле ичке
үндүүлөр гана эмес, кең үндүүлөр да эриндешкен: «тогос» – девять, «козон» – заяц, «тухул» (монг. «тугал») – телёнок (салышт.: азыркы
кырг. «токол» безрогий); сөз башында жалаң жумшак «б»: «бүзөг» – высокий; «бир» – один;
«ж»: «жол» – дорога, «жи» – «же» – кушать.
Бул мезгилге сөз ортосунда жумшак «г» мүнөздүү болгон: «агыр» – тяжёлый; «агыс» – рот; сөздүн аягында деле – ошол тыбыш: «сарыг» – жёлтый; «суг» – вода ж. б. Бул мезгилдин аяк ченинде (11–12-к.) кыргыз тилинин
кыпчак тилдери менен аралашуусу башталат.
2. Кыргыз тилинин Орто (Алтай) мезгили 13–
14-к-ды камтып, бул аралыкта кыргыз урууларынын бир бөлүгү моңголдордун сүргүнүнүн натыйжасында Түш. Алтайды көздөй көчүп, жерг. Алтай урууларынын тилдеринин таасирине (б. а.
өз-ара таасирге) дуушарланып, ал эмес кыпчак тилдеринин таасирине да учурап, кыргыз тили
батыш «й»чыл тилге айланат, мисалы: «айак» –
нога; «кой» – класть, положить. Бул мезгилде
жалпысынан алтай-кыргыз тилдик жалпылыктар менен бирге ар биринин өзүнө гана таандык тилдик өзгөчөлүктөрү да катар жашай бергендиги байкалат. Ушул Орто мезгилдин эң башында кыргыз-алтай уруу аралашмаларынан кыргыздардын чакан бөлүгү түштүктү көздөй жылып, Лобнор көлүнүн жээгине барып жайгашып калып, тилдик жагынан тигилерден айырмалуу, С. Е. Маловдун аныктамасы б-ча байыркы Енисей кыргыздарынын урпактарынан турган бул эл (лоптуктар) тилинде кыргыз тилинин ошол байыркы мезгилиндеги белгилерин сактап калган. Ал тилде негизинен орто кыргыз тилдик айырмачылыктардан башка созулма үндүүлөр жок. Лобнорчодо эриндешүү сакталып, «а, э» үндүүлөрү «у, щ» ичке үндүүлөрүнөн кийин эриндешет. Бул белги алтай тилинде таптакыр жок; кыргызчада сейрек кездешип, лобнор тилин кыргыз тили менен жакындаштырат. Сөз башындагы «й» болсо, уйгур тилинин жеке белгиси болуп, анын байыркы жана азыркы түрүнө да, о. эле сарыг-югур тилине да мүнөздүү:
«йол» – дорога, «йаз» – весна, «йел» – ветер.
Сөз ортосунда – «г»: «агыз» – рот, уста; «агый» – хворать, «таг» – гора. Ал эми бардык кыргыз
диалектилерине мүнөздүү «с\\з» алмашуулары болсо тилибизди алтайлыктар менен гана эмес, хакас, тыва жана якут (саха) тилдерине окшоштурат: «кыз\\кыс»; «сөз\\сөс» ж. б. тилибиздин байыркы мезгилине тиешелүү болуп, анын жогоруда белгиленген «з» мезгилинен калган раритеттерден. 3. Кыргыз тилинин Жаңы (Тянь-
Шань) мезгили 15–16-к-га туура келип, элибиздин Енисейден Батышка жылып отуруп, Тянь- Шанга көчүп келип, андагы жерг. уруулар менен аралашкан мезгилин камтыйт да, алардын тилдик өзгөчөлүктөрүн өзүнө сиңирип алуунун натыйжасында (мисалы: «чекилдек» жана «чекир саяк» сыяктуу этнонимдер байыркы Енисей мезгилине мүнөздүү «чигил», муну менен семантика түзүлүш жагынан «чийкил» жана «чийкил сары» сын атоочтору сыктуу тектеш сөздөр) азыркы кыргыз жалпы элдик тили өзүнүн бардык диалектилик жана айтымдык белгилери камтылган
өзгөчөлүктөрү менен калыптана баштайт. Болгондо да эң байыркы белгилери көбүнчө түндүк диалектилери сакталгандыгы байкалат. Ал эми азыркы кыргыз тили жалпысынан «й»чыл тил; орунбасар ( б. а. кийин пайда болгон) созулмалар; эриндешүүсү өтө күчтүү; сөз башы «ж»чыл; сөздүн ортосунда жана аягында «г»нын дифтонгдошуусу же үндүүгө айланышы мүнөздүү. Ал эми лобнор тилинде «г» бардык позицияларда сакталып калгандыктан, кыргызчада анын жогорудагыдай өзгөрүүгө дуушарланышы кыргыз тилинин тарыхынын орто мезгилинин аяк ченине туура келет деп болжолдоого негиз берет.
Ад.: Юнусалиев Б. М. К вопросу о формировании обшенародного языка //Труды Института языка и литературы АН Киргизской ССР. Ф., 1956; Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. Тексты и переводы. М.-Л., 1952; Убрятова Е. И. Вопросы диалектологии тюркских языков. Баку, 1963; Кычанов Е. И. Сведения в «Кань-ши о переселениях киргизов в 13 в. (публикация источников)\\ Известия АН Киргизской ССР. Серия обществ. наук-5 (история). Ф., 1963; Петров К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношение с ойротами в
13–15 вв. н. э. Ф., 1961; Тенишев Э. Р., Орузбаева Б. О.
Формирование киргизского языка. //История Киргизии (5-е изд.). Т. 1.
Б. Ө. Орузбаева.