КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРТИСТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРТИСТИ – ардак наам. 1991-ж. чейин Кыргыз ССРи­нин эл артисти. 1939-жылдын 10-январындагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму­нун указы м-н бекитилген. 1991-жылдан КР Пре­зидентинин жарлыгы м-н берилет. Ал Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наам­дарына татыктуу болгон, улуттук элдик ж-а про­фессионалдык көп тармактуу иск-вонун өнүгү­шүнө өзгөчө салым кошкон ырчыларга, комуз­чуларга, композиторлорго, драматургдарга, фи­лармониянын, театрлардын, кино, эстрада, цирк артисттерине, режиссёрлоруна ж. б. бе­рилет.