КЮСЮ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЮ́СЮ – Япониянын түштүгүндөгү арал. Тынч океан ж-а анын деңиздери (Чыгыш Кытай, Ички Япон) ж-а кысыктары (Корей, Симоносеки, Бунго) м-н чулганат. Аянты 42 миң км2. Батыш, түн. ж-а түш. жээктери булуң-буйткалуу, чыгышы тегиз. Тоолуу, бийикт. 1788 мге чейин (Кудзю чокусу); аракеттеги жанартоолор (Асо, Кирисима ж. б.) бар. Климаты субтропиктик; түштүгүндө тропиктик муссондук. Жылдык жаан-чачыны 3000 ммге чейин. Тайфун болуп турат. Дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө токой, шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Шалы, дан өсүмдүктөрү, бал камыш, цитрус өсүмдүктөрү, тамеки эгилет. Таш көмүр кени бар. К-да Китакюсю, Фукуока, Кумамото, Кагосима, Нагасаки ж. б. ири шаарлар жайгашкан. Аралдын аты япончо «Тогуз жер» деген маанини билдирет; анткени К. аралы адм. жактан 9 провинцияга бөлүнөт.