КЫШТУТ–АДЫР-КОО КЕНДЕРИНИН ТОБУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫШТУТ–АДЫР-КОО КЕНДЕРИНИН ТОБУ – Баткен ж-а Лейлек р-ндорунда. Алай м-н Түрк­стан кырка тоолорунун түн. капталындагы сы­мап кенташтары жаткан жерлер. Кендер жерг. элге эзелтен белгилүү. 1917-ж. алгачкы геол. маалымат берилген. Аймакта Адыр-Коо, Алма- Сай, Кара-Арча, Кыштут, Жинкен, Өрүк-Сай сыяктуу бир нече майда кен ж-а кенче бар. Кен аймагында девон мезгилинин аягында пайда болгон карбонаттуу тектер кеңири тараган. Алар тектон. жаракалар м-н тилмеленип, кеңдик багытта созулуп жаткан ичке тилкени пайда кылган. Тилкедеги кенташ негизинен киновар­дан турат, кээде ага пирит, халькопирит кошум­чаланат. Ал доломит ж-а акиташ тегиндеги жаракалардын кесилишкен жеринде топтолгон. Кенташ тулкулары линза, уя, тарамча түрүндө кезигет. Таралышы бирдей эмес. Кендин айрым­дары Ата Мекендик согуш жылдарында казып алынып, запасы аз болгондуктан, кийин ток­тотулган.